https://sputnik.kg/20250425/1093549112.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда абанын температурасы жалпы планетаныкына караганда ылдамыраак жогорулоодо. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл... 25.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-25T08:59+0600
2025-04-25T08:59+0600
2025-04-25T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093548980_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e5965a4a7988c7e99e77ca6b9c80708b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда абанын температурасы жалпы планетаныкына караганда ылдамыраак жогорулоодо. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди. Анын айтымында, алты жылда дүйнөдө температура 0,6 градуска көтөрүлсө, Кыргызстанда 1,2 градуска жогорулаган. "Климаттын өзгөрүүсү — бүгүнкү күндүн кооптуу көрүнүштөрүнүн бири. Тоолуу аймактар үчүн коркунуч эселеп чоңоет. Мөңгүлөр эрип жатат, экосистеманын балансы бузулду, сел, жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу табиягый кырсыктар көбөйүүдө", — деди Машиев. Министр мөңгүлөрдүн эриши өзгөчө түйшөлткөн көрүнүш экенине токтолду. Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүнүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми ири мөңгүлөр 17 пайызга азайган.
"Интервидение" музыкалык сынагына биздин өлкөдөн бара турган ырчынын бардык кем-карчысын Маданият министрлиги көтөрөт. Бул тууралуу “Интервидение” музыкалык сынагын Кыргызстандагы координатору Өмүрбек Андарбеков билдирди. Анын айтымында аталган сынакта дүйнөнүн төрт бурчунан чогулган таланттар таймашат. Ал эми биздин өлкөдөн бара турган ырчынын кийим-кечеси, тамак-ашы, жатаканасы жада калса ырынын аранжировкасына чейин министрлик каржылап берет. "Мамлекеттик колдоо болуп жатат. Кыргызстанды эл аралык деңгээлде даңазалоого жакшы шарт түзүлдү. Калганы, албетте, аракетибизге жараша болот. Буюрса алдыңкы орундардын бирин ээлейбиз", — деди Андарбеков. Ошондой эле ал "Интервидение" музыкалык сынагынын финалдык баскычы күзүндө Москва шаарында өтөрүн, жакшы даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт бар экенин кошумчалады. Эскерте кетсек, 23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунан эл аралык музыкалык сынакка "Номад" триосу тандалып алынды.
Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы 3-майда Чолпон-Атада болорун Экономика жана соода министрлиги билдирди. Ысык-Көлдөгү эл аралык марафон ШКУнун алкагындагы күндүн алгачкы иш-чарасы болот. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген миңдеген спортчулар жана ышкыбоздор чуркашат. Ошондой эле 10 чакырымга скандинавиялык басуу жана балдардын чуркоосу бар. Ошондой эле бул күнү ири туристтик жарманке ачылат. Коноктор туристтик маршруттар тууралуу маалымат алып, оюндарга катышып байгелерди ута алышат. Түштөн кийин премьер-министрдин кубогу үчүн жарыштар жана улуттук ат оюндары баш болгон түрдүү мелдештер башталат. Майрамдык программа россиялык эстрада артисттеринин гала-концерти менен аяктайт.
БРИКС Батыш монополиясына чекит коюуга жана АКШ демилгелеген бир тараптуу тариф согушуна каршы турууга аракет кылууда. Бул туурасында Шанхайдагы RimPa стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Пэнь Бо "Валдай — новое поколение" деп аталган II конференцияда айтты. Иш-чара Москва шаарында өтүп жатат. "БРИКСке мүчө мамлекеттер буфердик аймак түзүп, сооданы өнүктүрүүчү эсептердин жаңы системасы менен механизмин түптөдү. Аталган уюм цивилизациялар диалогуна зор маани берет. Батыш жашап жаткан система алар калгандарынан өйдө турушу керек деген нер
Кыргызстанда абанын температурасы жалпы планетаныкына караганда ылдамыраак жогорулоодо. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди. Анын айтымында, алты жылда дүйнөдө температура 0,6 градуска көтөрүлсө, Кыргызстанда 1,2 градуска жогорулаган. "Климаттын өзгөрүүсү — бүгүнкү күндүн кооптуу көрүнүштөрүнүн бири. Тоолуу аймактар үчүн коркунуч эселеп чоңоет. Мөңгүлөр эрип жатат, экосистеманын балансы бузулду, сел, жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу табиягый кырсыктар көбөйүүдө", — деди Машиев. Министр мөңгүлөрдүн эриши өзгөчө түйшөлткөн көрүнүш экенине токтолду. Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүнүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми ири мөңгүлөр 17 пайызга азайган. "Интервидение" музыкалык сынагына биздин өлкөдөн бара турган ырчынын бардык кем-карчысын Маданият министрлиги көтөрөт. Бул тууралуу “Интервидение” музыкалык сынагын Кыргызстандагы координатору Өмүрбек Андарбеков билдирди. Анын айтымында аталган сынакта дүйнөнүн төрт бурчунан чогулган таланттар таймашат. Ал эми биздин өлкөдөн бара турган ырчынын кийим-кечеси, тамак-ашы, жатаканасы жада калса ырынын аранжировкасына чейин министрлик каржылап берет. "Мамлекеттик колдоо болуп жатат. Кыргызстанды эл аралык деңгээлде даңазалоого жакшы шарт түзүлдү. Калганы, албетте, аракетибизге жараша болот. Буюрса алдыңкы орундардын бирин ээлейбиз", — деди Андарбеков. Ошондой эле ал "Интервидение" музыкалык сынагынын финалдык баскычы күзүндө Москва шаарында өтөрүн, жакшы даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт бар экенин кошумчалады. Эскерте кетсек, 23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунан эл аралык музыкалык сынакка "Номад" триосу тандалып алынды. Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы 3-майда Чолпон-Атада болорун Экономика жана соода министрлиги билдирди. Ысык-Көлдөгү эл аралык марафон ШКУнун алкагындагы күндүн алгачкы иш-чарасы болот. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген миңдеген спортчулар жана ышкыбоздор чуркашат. Ошондой эле 10 чакырымга скандинавиялык басуу жана балдардын чуркоосу бар. Ошондой эле бул күнү ири туристтик жарманке ачылат. Коноктор туристтик маршруттар тууралуу маалымат алып, оюндарга катышып байгелерди ута алышат. Түштөн кийин премьер-министрдин кубогу үчүн жарыштар жана улуттук ат оюндары баш болгон түрдүү мелдештер башталат. Майрамдык программа россиялык эстрада артисттеринин гала-концерти менен аяктайт. БРИКС Батыш монополиясына чекит коюуга жана АКШ демилгелеген бир тараптуу тариф согушуна каршы турууга аракет кылууда. Бул туурасында Шанхайдагы RimPa стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Пэнь Бо "Валдай — новое поколение" деп аталган II конференцияда айтты. Иш-чара Москва шаарында өтүп жатат. "БРИКСке мүчө мамлекеттер буфердик аймак түзүп, сооданы өнүктүрүүчү эсептердин жаңы системасы менен механизмин түптөдү. Аталган уюм цивилизациялар диалогуна зор маани берет. Батыш жашап жаткан система алар калгандарынан өйдө турушу керек деген нер
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093548980_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dbafbeed5ba58f8ee79c9e88e08515f4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио