БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык сумочулар Алмаз Эргешов менен Тилек Усупов Азия чемпионатынан коло медалга ээ болушту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Мелдешке өлкө атынан Тилек Усупов абсолюттук салмакта жана Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогорку категорияда күч сынашып, Азия чемпионатынан коло байге тагынышты. Ал эми дүйнө чемпионатында Алмаз Эргешов 5-орунду ээледи.
Эки спортчу тең КРдин көп жолку чемпиону, Азия чемпионатынын коло байге ээси, дүйнө биринчилигинде бешинчи орунга ээ болушкан. 38 жаштагы Эргешовдун салмагы 180 килограмм болсо, 46 жаштагы Тилек Усуповдуку 130 килограмм.
Балбандардын ийгилик сырын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мастер-классынан көрүңүз.