"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кызынын азабын тарткан 60 жаштагы аялдын тагдыры баяндалат.
Каарманыбыз көйгөйүн кат аркылуу эмес, өзү келип айтып берди.
Жаштайыман эле турмуштун запкысын тартып келе жатам. Күйөөм кызыл камчы болду. Эки кыздуу болгондон кийин күн көрсөтпөй эки күндүн биринде сабачу. Кетип калайын дегем, балдарды кыйбадым…
Айрымдар аялына мас абалында кол көтөрсө, күйөөм сопсоо туруп көгала койдой сабап салчу. Бычак менен коркуткан күндөрү да болду. Бир күнү аябай токмоктоду. Башымды жарып, сөөктөрүмдү сындырып, колумдун кан тамырларын кескилеп салды. Кан токтобой, ооруканага жаттым. Кудай деген бар экен аман калдым. Бирок майып болуп калдым. Колдорум калчылдап, башым көп ооруйт. Милициялар бул кылыгы үчүн мага арыз жаздырышкан, бирок балдардын атасы эмеспи деп кайра артка кайтаргам. Ошол бойдон аны менен биротоло ажыраштым. Кийинчерээк күйөөм баңгизат менен кармалып кесилип кетиптир. Андан бери 10 жыл өттү. Эки кызым чоңоюп, улуусу турмушка чыккан. "Бактым эми балдардан ачылат го" деп отурсам, улуу кызым барган жеринен жыргаган жок. Дудук балага турмушка чыккан, кайненеси да укмуш аял экен, кызымды мага, мени кызыма жамандап экөөбүздү далай уруштурду. Кийинчерээк күйөө балам да кызыма кол көтөрүп баштаптыр. Экинчи баласы боюнда бар кезинде "кайын журтум күн көрсөтпөй калды" деп келген. Жүйөөлөрүн угуп унчуккан эмесмин. Эки айга жетпей "күйөөм менсиз жашай албайт, барбасам болбойт" деп кайра барган.
Бирок көпкө жашаган жок, ыйлап кайра келди. Канынан жаралган баланы кайсы эле эне кор кылгысы келсин. Шаарга каттоого тургуздум. Курсагындагы бала жети айга чукулдап калган. Ыйлап-бышактап атып, суу келип айына жетпей эле төрөп салды. Бирок анысы бир күн эле жашап, чарчап калды. Кызымдын да жатыны ириңдеп кетиптир, дарыгерлердин күчү менен эле аман калды. Учурда эки кызым менен туугандарыбыздын батиринде акы төлөп жашайм. Кичүү кызым экөөбүз тигүү цехиндебиз. Өзүмө келип иштей баштаганыма төрт жылдай болду.
Эптеп баласын алып берсем, алаксып иштеп, жакшы жашайт беле деп дагы ойлойм. Бирок тигилерден баланы кантип алышты билбей башым катып жатат. Бузулуп кетеби, жини менен мени өлтүрүп салабы деп да коркчу болдум, аргам кетти, эмне кылам?
Кадиян Бообекова. Психолог
Кырдаалды ага ушундай кылып түшүндүрүп көрүңүз. Эгер укпаса же макул болбосо психологдорго алып барып көрүңүз. Бул жерде баланын энеси "иштесем баламды ала алам, иштебесем майнап чыкпайт" деген нерсени түшүнүшү керек. Бир баласы чарчап, экинчиси кайненесинде калса аны да түшүнсө болот. Бирок күнөөнү ал башкалардан эмес, өзүнөн издеши керек. Кызыңыздын депрессиясы агрессияга өтүп кеткен. Анын үстүнө кичине кезинде үйдө уруш-талашты көрүп чоңоюптур, бул нерсе кийин алардын тагдырына таасир этпей койбойт.
Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg mailto:news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.