БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн 18-июлдан 8-августка чейин жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта жолдун үстүңкү катмары алмаштырылып жана жаңы бордюрлар коюлары айтылган.
Буга чейин маалымдалгандай, Чүй проспектисинин Төрөкул Айтматов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылган болчу.