Таласта 40 кишинин өмүрүн алган авиакырсык. Каргашанын чоо-жайы жана сүрөттөрү

© Фото / Центральный государственный архив КРАвиакатастрофа Ил-14 под Таласом
Авиакатастрофа Ил-14 под Таласом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура 49 жыл мурун Талас облусунда жарандык авиациянын учагы жүргүнчүлөрү менен кырсыкка кабылган. Анда жалпы 40 адам көз жумган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы архивдик документтерди таап чыгып, ал авиакырсыктын чоо-жайын айтып бермекчи.

Фрунзе — Талас — Фрунзе каттамындагы учак 1969-жылы 28-июнда эртең менен Таласка учуп барган. Ошол эле күнү кеч курун борбор калаага кетип баратып кырсыктаган. Анын ичинде 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, бардык 40 киши мерт болгон.

© Фото / Центральный государственный архив КРФрунзе — Талас — Фрунзе каттамындагы учак 1969-жылы 28-июнда эртең менен Таласка учуп барган. Ошол эле күнү кеч курун борбор калаага кетип баратып кырсыктаган
Авиакатастрофа Ил-14 под Таласом - Sputnik Кыргызстан
Фрунзе — Талас — Фрунзе каттамындагы учак 1969-жылы 28-июнда эртең менен Таласка учуп барган. Ошол эле күнү кеч курун борбор калаага кетип баратып кырсыктаган

Жарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес. Учкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган. Бирок бир аздан кийин эле экипаж менен байланышууга мүмкүн болбой калган.

© Фото / Центральный государственный архив КРИчиндеги 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, 40 киши мерт болгон
Ичиндеги 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, 40 киши мерт болгон - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ичиндеги 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, 40 киши мерт болгон
© Фото / Центральный государственный архив КРКаргашадан кийин кырсыктын себебин иликтөөчү атайын комиссия түзүлгөн
Каргашадан кийин кырсыктын себебин иликтөөчү атайын комиссия түзүлгөн - Sputnik Кыргызстан
2/5
Каргашадан кийин кырсыктын себебин иликтөөчү атайын комиссия түзүлгөн
© Фото / Центральный государственный архив КРЖарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес
Жарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес
© Фото / Центральный государственный архив КРУчкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган
Учкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган - Sputnik Кыргызстан
4/5
Учкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган
© Фото / Центральный государственный архив КРМетеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан.
Метеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Метеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан.
1/5
Ичиндеги 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, 40 киши мерт болгон
2/5
Каргашадан кийин кырсыктын себебин иликтөөчү атайын комиссия түзүлгөн
3/5
Жарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес
4/5
Учкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган
5/5
Метеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан.

Каргашадан кийин атайын комиссия түзүлүп, кырсыктын чоо-жайын бир ай ичинде такталган. Жеринде тергөөчүлөр, прокуратура кызматкерлери, ата мекендик авиациянын өкүлдөрү иштеген. Укук коргоо органдары аэропортто, метеорологиялык кызматта иштегендерди суракка алган. Метеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан.

Похороны по погибшим в результате крушения грузового Боинга-747-400 в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Айылды бүлүнткөн учак, көчкүдө калгандар, өрттөн жайрагандар. Жылдын 9 каргашасы
Иликтөөнүн архивдик материалдарына ылайык, экипаж белгиленген бийиктикти сактаган эмес. Мындайча айтканда, Ил-14 үлгүсүндөгү учак деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте учуусу зарыл болгон. Бирок ага чейин көтөрүлбөгөн аба кемеси 3150 метр бийиктиктеги тоону сүзүп, күйүп кеткен, бөлүктөрү 150 метрге чейин ыргып кеткен.

Андан сырткары, адистер самолет кырсыкка кабылганга чейин анын бардык тетиктери жайында болгондугун тактаган.

© Фото / Центральный государственный архив КРИл-14 үлгүсүндөгү учак деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте учуусу зарыл болгон. Бирок ага чейин көтөрүлбөгөн аба кемеси 3150 метр бийиктиктеги тоону сүзүп, күйүп, бөлүктөрү 150 метрге чейин ыргып кеткен.
Авиакатастрофа Ил-14 под Таласом - Sputnik Кыргызстан
Ил-14 үлгүсүндөгү учак деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте учуусу зарыл болгон. Бирок ага чейин көтөрүлбөгөн аба кемеси 3150 метр бийиктиктеги тоону сүзүп, күйүп, бөлүктөрү 150 метрге чейин ыргып кеткен.

Комиссия 40 адамдын өмүрүн алып, мамлекетти 29 миң 288 рубль зыянга учураткан авиакырсыктын жыйынтыгын чыгарып, өлкө аймагындагы аэропортторго тиешелүү сунуштарды берген. Алар республикадагы аба майдандардын учуп-конуу тилкесин жакшыртуу, байланыш техникаларын жаңылоо зарылчылыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0