Эртең, 9-июнда, Бишкекте ала качып алган киши милиция бөлүмүндө бычактап салган 19 жаштагы Бурулайдын жаркын элесине арналган "Биз аялдардын укугу үчүн!" акциясы өтөт.
Ак кийим кийип, колуна ак лента кармаган катышуучулар саат бирде Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына чогулмакчы.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган акциянын алкагында уюштуруучуларга ала качууга кабылып, жашоосу бузулган келиндерден келип түшкөн каттардын айрымдарын сунуштайт.
Күйөөмдү өлтүрүүгө туура келди
Мени 25 жыл мурда ала качып кетишкен. Ата-энем менен алдын ала сүйлөшүп алышкандыктан, отуруп калууга туура келди. Күйөөм бир нерсе болсо эле соо жеримди калтырбай сабап салчу. Ошондукта, ага жүрөгүм жылып, жакшы көрүп кете алган жокмун. Бир сабаганда сөзсүз бир жеримди сындырчу. Төшөктөн тура албай көп күн жатчумун. Чогуу жашап жатканыбызга 15 жыл болгондо экөөбүз катуу уруша кеттик. Мен да ага каршылык көрсөтүп жатып, капысынан өлтүрүп алдым. Түрмөдөн чыксам, үйдү алып, балдарды жетимдер үйүнө өткөрүп салышыптыр. Азыр аларды таптым. Бирок өзүмө алайын десем шартым дагы, каалоом дагы жок. Мындан ары кантип жашаш керектигин билбейм…
Жылдыз, 45 жашта
Жеңелердин көзүнчө зордуктап…
Ракыя, 45 жашта
Кетем десем бир үйүр балага салып бермек
18ге чыгаарым менен апам Москвада иштеген тааныштары аркылуу жумуш таап, мени дагы жиберди. Мен жашаган жерге жакын эле жерде кыргызстандык балдар турушчу. Бир күнү алардын бирөө жумуштан келе жаткан жеримден ала качып кетти. Отурбай турганымды айтып ыйласам, "кетем десең, ушул жердеги балдарга салып берем. Андан кийин каалаган жагыңа бара бер" деди. Айласыздан отуруп калдым. Бир батирде 15 адам жашайбыз, а мен аларга кул сыяктуумун. Эптеп атып Кыргызстанга качып барсам, апам "туугандар эмне дейт? Кет, күйөөң менен жаша" деп кууп ийди. Азыр Москвадан анча алыс эмес жерде баарынан жашынып, бир ресторанда иштеп жүрөм.
Алтынай, 29 жашта
25 миң сом менен бир уйга сатылып кеткем
Үмүтай, 26 жаш
Жаныма эркек жолотпойм
Университеттен келе жаткан жеримен ала качып кетишкен. Анда болгону 17 жашта элем. Ошол эле түнү мага бир күндүк күйөө болгон адам зордуктап койду. Калп айтпасам, атам менен тең чамалаш, аялы каза болуп калган неме экен. Эртеси күнү эле курбумдукуна качып кеттим. Анткени ата-энем "эл эмне дейт?" деп кайра кабыл албай турганын билгем. Кийин кайра жеткирип берүүгө аракет кылып жүрүштү. Бирок мен окуумду бүтөрүм менен чет өлкөгө кетип калдым. Азыр Италияда жашайм, жакшы ишим бар. Бирок бактылуу эмесмин. Бир дагы эркекти жаныма жолотпойм, корком. Меникиндей тагдырга башка кыздардын кабылышын каалабайм.
Элвира, 36 жашта
Ата-энемди кечире алган жокмун
Жайнагүл, 31 жашта
Өзүмө нааразымын…
Майрам, 30 жашта