Жаштардын шаан-шөкөттүү флешмобу Бурулайдын мугалим, курсташтарын капалантты

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын Ала-Тоо аянтында "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу флешмоб болуп өттү
Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз! аттуу флешмоб болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Флешмоб позитивдүү маанайда ырчы-бийчилердин коштоосунда өтүп, ага келген жаштар "биз ала качууга каршыбыз" деген чакырык таштаган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу флешмоб болуп өттү. Анда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери "Ала качууга жол жок!", "Жаштар зордук-зомбулукка каршы!" жана "Жаркыраган келечек жаштардын колунда" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Жалпы жаштардын саны 500дөн ашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын Ала-Тоо аянтында "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу флешмоб болуп өттү
Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз! аттуу флешмоб болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
1/5
Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу флешмоб болуп өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековАнда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери "Ала качууга жол жок!", "Жаштар зордук-зомбулукка каршы!" жана "Жаркыраган келечек жаштардын колунда" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты
Анда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери Ала качууга жол жок!, Жаштар зордук-зомбулукка каршы! жана Жаркыраган келечек жаштардын колунда деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты - Sputnik Кыргызстан
2/5
Анда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери "Ала качууга жол жок!", "Жаштар зордук-зомбулукка каршы!" жана "Жаркыраган келечек жаштардын колунда" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты
© Sputnik / Табылды КадырбековЖалпы жаштардын саны 500дөн ашты
Жалпы жаштардын саны 500дөн ашты - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жалпы жаштардын саны 500дөн ашты
© Sputnik / Табылды КадырбековФлешмоб позитивдүү маанайда ырчы-бийчилердин коштоосунда өтүп, ага келген жаштар "биз ала качууга каршыбыз" деген чакырык ташташты
Флешмоб позитивдүү маанайда ырчы-бийчилердин коштоосунда өтүп, ага келген жаштар биз ала качууга каршыбыз деген чакырык ташташты - Sputnik Кыргызстан
4/5
Флешмоб позитивдүү маанайда ырчы-бийчилердин коштоосунда өтүп, ага келген жаштар "биз ала качууга каршыбыз" деген чакырык ташташты
© Sputnik / Табылды КадырбековУюштуруучулар иш-чаранын максаты алгач ала качууга дуушар болуп, андан соң милиция бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулайдын каргашасанынан кийин мындай окуялардын кайра кайталанбашынын алдын алуу деп билдиришти.
Уюштуруучулар иш-чаранын максаты алгач ала качууга дуушар болуп, андан соң милиция бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулайдын каргашасанынан кийин мындай окуялардын кайра кайталанбашынын алдын алуу деп билдиришти. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Уюштуруучулар иш-чаранын максаты алгач ала качууга дуушар болуп, андан соң милиция бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулайдын каргашасанынан кийин мындай окуялардын кайра кайталанбашынын алдын алуу деп билдиришти.
1/5
Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу флешмоб болуп өттү
2/5
Анда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери "Ала качууга жол жок!", "Жаштар зордук-зомбулукка каршы!" жана "Жаркыраган келечек жаштардын колунда" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты
3/5
Жалпы жаштардын саны 500дөн ашты
4/5
Флешмоб позитивдүү маанайда ырчы-бийчилердин коштоосунда өтүп, ага келген жаштар "биз ала качууга каршыбыз" деген чакырык ташташты
5/5
Уюштуруучулар иш-чаранын максаты алгач ала качууга дуушар болуп, андан соң милиция бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулайдын каргашасанынан кийин мындай окуялардын кайра кайталанбашынын алдын алуу деп билдиришти.

Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн. Мындай каргаша өкмөт башчы, президент жана дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Натыйжада кыздын өлүмүнө жол берген делип райондон тарта облусттук жетекчилерге чейин кызматтан бошотулган.

Флешмоб позитивдүү маанайда ырчы-бийчилердин коштоосунда өтүп, ага келген жаштар "биз ала качууга каршыбыз" деген чакырык ташташты. Уюштуруучулар иш-чаранын максаты алгач ала качууга дуушар болуп, андан соң милиция бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулайдын каргашасанынан кийин мындай окуялардын кайра кайталанбашынын алдын алуу деп билдиришти.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мындай иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында дагы өткөрүлө турганын айтты.

"Бурулайдын трагедиясынан кийин премьер-министрдин алдында чоң жыйын өтүп, тиешелүү тапшырмалар берилди. Учурда ушул боюнча жумушчу топ түзүлүп, улуттук план иштелүүдө. Анын алгачкысы болуп ушундай флешмоб уюштурулду. Жаштар "биз Кыргызстандын жаркыраган келечегибиз" деп позитивдүү келишти. Өз пикирлерин билдиришет", — деди министр.

Иш-чарада жаш активисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашева менен Жанар Акаев келип сөз сүйлөдү.

"Мурда башка кыздар сыяктуу мени да ала качабыз дегендер болуп, коркунуч жаралган. Ошол учурда мени атам калкалап калган. Тилекке каршы, жакында кайгылуу окуя болуп кетти. Менин да бир жашар кызым бар, анын келечегин ойлогондо коркуп кетем. Кыздар, өз эркиңиздер үчүн күрөшкүлө, жигиттер, кыздарды калкалап, сыйлагыла!" — деди Мамашева.

Флешмобго Бурулай окуган Бишкек медициналык колледждин да студенттери келген. Бирок анын курсташтары менен мугалимдери иш-чаранын ыр-бий болуп майрамдагыдай өтүп жатканына нааразычылыгын билдиришти. Айрымдары мамлекет күнөөлүүлөрдүн катуу жаза алышын талап кылса, кээ бирлери пикирин айтуудан карманышты. Ал эми мугалими Лилия Абулгазиева аларга эскерүү иш-чарасы болот деп айтылганын белгиледи.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин ишенимин кайтаруу керек! Чүй ОИИББине жаңы жетекчилер келди
"Бизди чакырганда кызыбызды эскерген митинг-реквием болот го деп ойлогонбуз. Келгенде мындай майрамдык маанайды, шаан-шөкөттү көрүп таң калдык. Буга нааразы болуп, кайгырып турабыз. Курбуларынын сизге интервью бербей койгонунун да себеби ушул. Бурулай менде эки жыл окуду. Сабактарды калтырчу эмес, сессияны убагында тапшырып абдан жакшы окучу. Мүнөзү оор басырыктуу эле, ызы-чууга аралашканын көргөн эмесмин. Практикага чыгып жатышкан, анан эле эки-үч күн келбей калыптыр. Кийин суук кабар уктук. Эми бул окуядан баары сабак алсын", — деди Абулгазиева.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, Enactus Kыргызстан эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстанда статистика боюнча жылына 45-50 миң үй-бүлө куруларын белгиледи. Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Пархановдун айтымында, өлкөдө жаштардын саны 1,7 миллионго жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0