Мурас, Нурлан, Тоту, Тунук. Атыңыздын маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование дня защиты детей в Бишкеке
Празднование дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, наристесинин атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Элдик салт-санаага таянуу менен перзентине жакшы ысым ыйгарууга аракет кылат.

Атыңыздын маанисин билбей же ымыркайга ысым ыйгарууда түйшөлүп жүрсөңүз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасы сиздер үчүн. Бул ирет да кыздар, балдардын 20 ысымы сунушталат.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Муктар. Араб тилинен которгондо "тандалган, иргелген, эркин" деген маанини билдирет. Бул ысым эркек балдарга берилип кыргыздарда Мыктар, Мухтар, Мыхтар деген варианттары да учурайт. Ысымдын мотиви элге түшүнүксүз болгону менен салт боюнча ат катары ыйгарыла берет.

День независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Марат, Медер, Сезим, Сейил. Атыңыздын маанисин билесизби?
Мурат. Лексикалык өзөгү "максат, мүдөө" дегенди туюндурат. "Бала көздөгөн максатына жетип, келечеги кең болсун" деген тилек менен эр балдарга коюлуп келет.

Мурас. Бул ысым көпчүлүк учурда атасы баласын көрбөй көзү өтүп кеткенде "атадан калган мурас" деген мааниде эркек балдарга коюлат.

Назар. Араб тилинен которгондо "зээндүү, аракетчил, жамандыгы жок" деген маанини түшүндүрөт. Бул ысымды Назаракун, Назаралы, Назарбай, Назарбек, Назаржан, Назаркул, Назармамат, Назармат, Назармамбет деп ар ким өз каалоосуна жараша ыйгарып келет. Айрымдары баласы токтобой жүрүп перзенттүү болгон учурда да, "Кудай бизге назарын буруп, ушул баланы берди" деген тилек менен бул ысымды тандашат.

Нурадил. Нур — бул зат атооч. "Жарык, шоола" деген сөздөргө маанилеш. Ал эми адил деген сөз "акыйкат, тынч жашоо" дегенди билдирет.

Нурбек. "Бек" деген сөздүн биринчи мааниси "бекем, жаны бекем болсун" деген маанини билдирсе, экинчиси "эл башчы" дегенди туюндурат. Мындан улам бул ысым эркек балдарга "эл башкарган, нарктуу, кадырлуу мырза болсун" деген тилек менен коюлат.

Нурэл. "Ар дайым нуру элге чачырап, жакшылык жараткан кыргыздын кадырлуу жана акылдуу инсандарынан болсун" деген таризде эр балдарга ыйгарылат.

Бешик бөлөп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи, балага кантип ысым тандайт. Жөрөлгөлөр мааниси
Нурлан. Бул антропоним нур ("нур, жарык, шоола") + улан ("бала, боз бала, жаш жигит") деген бөлүктөрдөн турат. Чыгыш теги боюнча "улан"деген компоненти байыркы түрк тилдериндеги оглан сөзүнүн жаңы варианты болуп саналат. Аталган ысым кыргыздар менен казактарда 50-жылдардан баштап кеңири тараган. Бүгүнкү күндө эркек балдарга Кыргызстандын бардык жеринде активдүү ат катары берилип келе жатат.

Нурмат. "Уулум кадыр барктуу, урматтуу, сыйлуу адам болсун" деп ата-эненин аруу тилегинен жаралган наам.

Нуртегин. "Тегин" деген — жөн жерден эмес, акысыз деген сыяктуу маанилерди өзүнө камтыйт. Ата-эне "балабыздын нуру жалпы журтка бирдей төгүлгөн, калыс жана тектүү болсун, элди бөлүп-жарбасын, улуу инсан болсун" деген мааниде берип жүрөт.

Кыз балдарга берилчү 10 ысым

Таттыбүбү. Үй-бүлөдө "таттуу, барктуу, көрктүү кыздардан болсун" деген мааниде коюлса, кээ бири көп эркек баланын арасында төрөлгөн кызга ушундай ысым ыйгарышкан.

Татына. Лексикалык өзөгү "жакшынакай, сулуу, келишимдүү" дегенди түшүндүрөт.

Өспүрүм кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канат, Керексиз, Кыял, Марал. Атыңыздын маанисин билесизби?
Таалайгүл. Бакыт — деген сөз менен маанилеш. "Гүл" — деген бул аңкыган, жыпар-жыттуу көркөмдүү өсүмдүк.

"Жашоодо бактылуу, таалайлуу болуп өз ордун тапкан кыз болсун" деген тилек менен коюлат. Ага окшош Таалайкан деген да наамдар бар.

Толгонай. Эпчинин (ургаачынын) аты. Кыргыздардын элдик түшүнүгүндө, ушул кезде ай — сулуулуктун жана түбөлүктүүлүктүн символу. Айдын толуп жана жарык тийген учуру менен байланыштырылып, "жашоосу айдай узак, дөөлөттүү болуп, айдай сулуу болсун" деген мааниде кыз балдарга берилип жүрөт.

Толкун. "Толкундай ашып-ташкан, шайыр-шатман, ачык адам болсун" деген ата-эненин аруу тилегинен жаралган ысым. Мындай наамды бала көл жээгинде төрөлгөн учурда да, жакшы жагдайды белгилеш үчүн ыйгарып жүрүшөт.

Топчугүл. Денесинин бир жеринде белгиси менен жарык дүйнөгө келген кызга "бул жөнөкөй эмес, өз бактысы менен кошо төрөлгөн, башкалардан өзгөчөлөнгөн, жараткандын назары менен төрөлгөн кыз" деп атын Топчүгул коюшкан. Мындай атты азыр сейрек кездештирүүгө болот.

Тоту. "Сулуу, чырайлуу, жамалы жаркын" деген маанини өзүнө камтып, "үй-бүлөнүн эркек кызы болсун" деген таризде берилет.

Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Тунук. Тунук деген сөз "таза" деген маанини билдирет. "Жүрөгү, дили таза, айланасына жарыгын чачкан кыз болсун" деген мааниде берилет.

Тумара. Тумар — ар кандай оорулардан, кырсыктан сактоо үчүн, көбүнчө үч бурч кылып бүктөлүп, сыртынан чүпүрөк капталган, бойго тагынуучу, молдонун жазып берген дубасы. Кыз кишилерге "а" мүчөсүн улап Тумара деп атап жүрүшөт.

Токтайым. Бул ысымга маанилеш Токтакан, Токтобүбү деген наамдар бар. Көпчүлүк учурда үй-бүлөдө кыз бала көп болуп, эркек уулду күтүп жаткандар кыздарын токтотуу максатында ушундай атап коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0