Марат, Медер, Сезим, Сейил. Атыңыздын маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүДень независимости Кыргызстана
День независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлуу болгондо ага ылайыктуу ысым ойлонуп, маанисин түшүнүп койгон оң деп айтылып келет. Анткени балага коюлган ат аны менен өмүр бою жашайт эмеспи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги салт болуп калгандай кыздар-балдардын кыргызча ысымдарын чогултуп, лексикалык маанилерине токтолот.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Мамбет. Бул ысым "атактуу, даңктуу" деген маанилерди берет. Келтирилген антропоним Мухаммед пайгамбардын аты жана анын эпитеттери менен байланышкан.

Өспүрүм балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыяз, Кычан, Нургүл, Нуржан. Атыңыздын маанисин билесизби?
Мамыр. Лексикалык өзөгү "аким, башкаруучу, төрө" деген маанилерди туюндуруп, балага ат катары коюлууда ушундай мотив анын ысымында сакталат.

Манап. "Бий, журт башчы" деген сөздөргө маанилеш келет. Ата-эне баласын "журт башкарган, эл бийлеген киши болуп, улуу, мартабалуу, кадырлуу адам болсун" деген тилекте ушул ысымды ыйгарат. Бүгүнкү күндө бул антропонимден тараган Манапбай, Абдыманап деген ысымдар эркек балдарга ыйгарылууда.

Манас. "Манас" изилдөөчү Райкул Сарыпбековдун ою боюнча Манас деген антропоним болжол менен IХ кылымдын орто ченинде пайда болгон. Адабиятчы "Манас" деген лексеманын өзөгүн индоевропа тилдериндеги манас, мено, мани сөздөрүнө байланыштуу деп эсептеп, "акылдуу, айкөл, даңктуу, эр жүрөк, тайманбас" деген түшүнүктөр менен салыштырган.

Манас деген антропоним тууралуу филолог Болот Юнусалиев "эгерде В.Жирмунский менен Х.Зарифовдун "алпамыш" деген сөз "алп манаш" деген сөздөн чыккандыгы жөнүндөгү гипотезасын туура деп тапсак, анда "Манас" деген ысымдын өзү "Манашка" өтө жакын" деп айткан. Элибиз бул ысымды эркек балдарына айбаттуу, күчтүү болсун деп ыйгарышкан.

Марат. Интернационалдык мүнөздөгү эркек балдардын аты. Француз буржуазия революциясынын уюштургуч кол башчыларынын бири Жан-Поль Мараттын (1747 – 1793) атына жана урматына байланыштуу XX кылымдын 50-жылдарынан баштап кеңири коюлуп келе жатат.

Марсбек. Марс — бул планета. Баласы бийиктикке умтулган, улуу адам болсун деп ата-энелер эркек балдарга ушул наамды беришкен.

Машакбай. Лексикалык өзөгү "түшүм, үрөн, урук, тукум, дан, азык" деген маанилерди туюндурат. Бул ысымды ата-энелер көбүнчө "тукуму көбөйүп, көп балалуу болсун" деген ниетте эр балдарга ыйгарышат.

Өспүрүм кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канат, Керексиз, Кыял, Марал. Атыңыздын маанисин билесизби?
Медер. "Күч, кубат, кайрат" деген маанилерди билдирет. Көпчүлүк учурда ата-энеси көзгө басар жалгыз уулу болсо балдарын Медер деп аташкан.

Медет. Араб тилиндеги "мадат" деген сөздүн негизинде пайда болгон, лексикалык өзөгү "жардам, тирек, желек, арка, бел" деген маанилерди билдирет. Эркек баласы келечекте өз тууган-туушкандарына (ата-энесине, ага-инисине, эже-карындаштарына жана башкаларга) арка бел, жөлөк-тирек, өбөк болуп, жеңилин жерден, оорун колдон алган азамат болсун деген тилекте коюлат.

Миңбай. Үй-бүлөдө катары менен бир нече баласы чарчаган учурда кезектеги туулган перзентине "ушул балабыз турмушта токтоп калсын, өмүрү узун болсун, миң жашка чыксын" деген мааниде бул ысымды ыйгарышкан. Ушундай эле тилектер менен Миңбай, Миңжашар, Миңжигит, Миңжылкы, Миңсулуу деген ысымдар пайда болгон.

Кыз балдарга берилчү 10 ысым

Орозгүл. Байыркы түрк тилдеринде (анын ичинде кыргыз тилинде) "ороз" деген сөз "кут, бакыт, таалай" деген маанилерди билдирген. Ал эми гүл — эң кооз өсүмдүк. Ушул эки сөздү айкаштырып бактылуу, сулуу кыз болсун деп кыз балдарын Орозгүл аташкан.

Перизат. "Пери" деген сөз иран тилинен которгондо сулуу деген маанини билдирет. Бул ысым көбүнчө "келбеттүү, келишимдүү" деген ата-эненин аруу тилеги менен кыз балдарга берилет.

Сайкал. Бул ысым "сайкалдоо, кооздоо, көрк берүү" деген маанини билдирет. Сайкал — "Манас" эпосундагы көөнө образдардын бири болуп эсептелет.

Саламат. Ден соолугу ар дайым чың болуп, өмүр бою саламатта оорубай жүрсүн деген тилекте коюлат.

Ежегодное празднование Нооруз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Канышай, Кайнар, Калыс, Керээз... Атыңыздын маанисин билесизби?
Салкын. Кыз балдарга энчилүү ат катары "жанга (ата-энесине, үй-бүлөсүнө) жагымдуу, сылык-сыпайы, мээримдүү" болсун деген аруу тилек менен коюлат.

Санабар. Иран-тажик тилдеринде Санавар түрүндө айтылып, "шыргыйдай түз, бою-сымбаты куп келишкен" дегенди билдирет. Кыз балдарга "бой-мүчөсү жарашкан, сүйкүмдүү кыз болсун" деген максат менен коюлат.

Седеп. Зат атооч. Кээ бир үлүл кабыктарынын ички катуу катмарынан алынып, топчу жана ар кандай кооз буюмдар иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу зат. Мындан улам ата-энелер "өмүрү седептей тизилген узун болуп, көп жашасын" деген үмүттө кыз балдарга берип келет.

Сезим. Кыз балдарга берилген энчилүү ат. "Кызы мээримдүү, күйүмдүү, боорукер болсун, ата-энесинин ортосундагы сүйүү сезими ар дайыма жалындап күйүп, өчпөй турсун" деп берилген наам.

Сейил. Лексикалык өзөгү "эс алуучу жай" дегенди туюндурат. Мээни сергитип, адамдарга жагымдуу маанай тартуулаган кыз болсун деген ата-эненин аруу тилегинен жаралган ысым.

Сымбат. "Сымбаттуу, адептүү, келбети келишкен" кыз болсун деген ниетте жаралган ысым.

Жаңылыктар түрмөгү
0