Ымыркайга ысым коюу жана баланын кыркын чыгаруу жөрөлгөсү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине этнограф Гүлзада Абдалиева айтып берди.
Ысым ыйгаруунун жол-жобосу
Балага ылайыктуу ысым тандалган соң, каада азан чакыруу менен коштолуп, молдо ымыркайдын кулагына атын үч жолу атап кыйкырат.
Ысымдын мааниси канчалык?
Кыргыз элинде берилген ысымдар да мезгилге жараша болгон. Мисалы, элибиз көчмөн турмушта жашап, мал-жандык менен алектенип жүргөн кезде Койчубек, Жайлообек, Кыштообек, Жармагүл деген сыяктуу ысымдар көп болсо, союз мезгилинде Союзбек, Октябрь, Марклен сыяктуу наамдар да жайнап кеткен.
Ысымдар ошондой эле адамдын жашоосун өзгөртө турган касиетке да ээ эле. Алсак, бир үйдө катар менен кыз төрөлө берсе алардын атын Бурул, Жаңыл, Кайрылса, Токтобүбү деп коюп, муну менен ата-энелер уул күткөн.
Ал эми денесинде ар түрдүү кал же анары бар балдар төрөлсө алардын атын Калбүбү, Калийча, Анарбек, Анаркүл деп койгон.
Мындан сырткары, жаңы төрөлгөн ымыркайга оор ат коюудан оолак болуу керек деген сөздөр айтылып жүрөт. Мисалы Манас ысымы. Бирок ага этнограф Айымкан Жаманкулова кошула бербейт. Анын айтымында, ымыркайга канчалык жакшы ат берилсе, ысым анын жашоосуна да ошончолук таасир берет деген ойдо.
"Кээ бири күчтүү ат койсо бала чарчап калат же ооруп калат деген болбогон кептерди айтып жүрөт. Менин оюмча андай эмес. Ал берилген аттан көз каранды эмес. Баланы боюнда болгондо же төрөлгөндө жакшы карабай койгондо ооруп калат. Тескерисинче, ымыркайга мааниси терең, жакшы ат ыйгарса андан эр же бой жеткенде сөзсүз жакшы адам чыгат", — деди Жаманкулова.
Бала төрөлгөн убакыттан кырк күнгө чейин
Бала төрөлгөндөн кийин аны кырк күнгө чейин көпчүлүккө көрсөтпөй үйдө жакшылап кароо кыргыздын ата-бабадан берки келе жаткан каадасы. Муну менен элибиз наристени жаман көз, жаман сөздөн сактаган. Ошондой эле ымыркайдын апасы да кырк күнгө чейин колун муздак сууга салбай, суукка, көпчүлүккө чыккан эмес. Анткени жакшы тыңыбай калган келин кийин жашы өткөндө бели бош, оорукчан болуп калат дешкен. Ошондой эле жаңы төрөлгөн бала ташбоор, мээримсиз болуп калбасын деп апасын таштан, темирден жасалган муздак буюмдарга колун тийгиздирген эмес.
Кырк күн болгондо…
Кыркын чыгарган күнү баланын карын чачы да алынат. Бул ырымды көбүнчө наристенин тай жагы жасап, чач алган адам эл кадырлаган адам болушу керек болгон. Андан соң бул адамга баланын ата-энеси жандык же белек тартуулайт. Бул каада негизи өлкөнүн ар кайсы аймактарында ар түрдүү жасалып жүрөт.