00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызын мыкаачылык менен сабаган аял кармалдыбы? ЖМКлар окуянын дайынын жазды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүВ Калининграде открылся региональный перинатальный центр
В Калининграде открылся региональный перинатальный центр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакта келин кичинекей кызды ичке тээп, дубалга урганы тартылган видео тараган. Айрымдар аны Кыргызстанда тартылган десе, кээ бир ЖМКлар тасма Перуда тартылганын жазып чыгышты. Прессадагы маалымат бейрасмий болгондуктан, Кыргызстандын ИИМи азырынча түшүндүрмө бере элек.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Наристе кыздын мыкаачылык менен сабалганы тартылган видео Перуда тартылган. Бул тууралуу Түштүк Америкадагы окуяларды чагылдырып келген MTO News порталы жазып чыкты.

Акыркы күндөрү кыргыз жана казак сегментине келиндин кичинекей кызды сабап жатканы тууралуу видео тараган. Анда аял наристени ичке тээп, дубалга уруп, бычак шилтейт. Келинди ушунун баарын тасмага тартып жаткан эркек киши токтотуп калат.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Алгач аталган видео Reddit порталында пайда болгон, аны үч жума мурун PoorWanderingOne аттуу пайдалануучу жарыялаган. Эки күндүн ичинде эле тасма чоң талкууга түшкөн.

MTO News порталы видео майдын башында Перунун Юнгай шаарында тартылганын жазды. Маалыматка ылайык, кыздын ата-энесин милиция кармап кеткен. Бирок алгач ата-эне эч кандай кылмышка шектелген эмес, анткени алар "кызыбыз ооруп, ооруканага бараткан жолдо чарчап калды" деп кайрылышкан. Сурак учурунда гана шек жаралып, өтө тездик менен тарап жаткан видеодон улам кыздын өлүмүнө ата-энесинин тиешеси бар экени аныкталган.

Бул маалыматты кыйыр түрдө Перунун Жогорку сот палатасынын 9-майда Facebook баракчасына жарыяланган билдирүүсү да тастыктады. Сот 19 жаштагы Рамиро Мамани менен 18 жаштагы Диана Каролина Кори Лукени балдарга болгон катаал мамилеси үчүн айыптуу деп тапканы жазылган.

"Жаштар бала оорудан кийин чарчап калганын айтышкан. Аларга сөөктү өлүкканадан алып кетүү боюнча маалымкат берээрде кыздын чоң апасы наристени ата-энеси катуу таяктап, андан кийин желим баштык менен муунтуп салганын айтып берген. Андан тышкары, аял жубайлар коңшу шаарга качып кетүүгө даярданып жатканын да маалымдаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ыйлап жаткан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мени өлтүргөн апама кат: жек көргөндү үйрөнө элекмин
Үйгө келген милиция кызматкерлери аялы менен күйөөсү кийим-кечесин жыйнап жатканын көргөн. Кармалгандан кийинки сурак учурунда жубайлар күнөөнү мойнуна алганы айтылат. Соттук процесс учурунда прокурор видеого таянган. Бирок кайсы тасма тууралуу сөз болуп жатканы так көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, айыпталып жаткандарга кандай жаза каралганы да белгисиз бойдон калды.

Ал арада Кыргызстандын Ички иштери министри видео КРде тартылган деген пикирди четке кага элек. ИИМ расмий маалымат күтүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0