Фотофакт: Сочини аралай баскан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери

Жазылуу
Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктагандан кийин президенттер калааны аралай басышты.

Сүрөттөн президенттер — Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко, Игорь Додон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды көрүүгө болот. Быйыл Молдова ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун алды.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Кеңештин кийинки жыйыны ноябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0