БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Борбор калаада бүгүн, эртең "Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери" аталышындагы улуттук I форум өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан фонду менен өнөктөштүктө кыргыз өкмөтүнүн колдоосу алдында өтүп жатат.
"Иш-чара балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүүгө жана эрте өнүктүрүү боюнча адистерди кесипкөйлөштүрүүгө багытталган. Кенже балалык мезгилди (7 жашка чейин) адистер өнүгүүнүн бардык аспектилериндеги укмуштуудай өзгөрүүлөрдүн аркасында "сыйкырдуу" деп аташат. Кенже курактагы балдардын ар тараптан өнүгүшүнүн процессинде чечүүчү ролду чоң кишилер ойнойт, алар өнүктүрүүчү чөйрөнү түзөт", — деп айтылган маалыматта.
Дал туулгандан тартып 3 жашка чейинки куракта балдар дене бой, когнитивдик (акыл-эс), эмоциялык жана социалдык жактан алда канча интенсивдүү өнүгөт. Бул куракта баланын мээси бир топ активдүү өсөт жана өнүгөт.
Форум эки күнгө созулмакчы.
Буга чейин Кыргызстан Борбор Азия боюнча балдар өлүмү эң аз өлкө экендиги маалымдалган. https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20180220/1037825587/borbor-aziya-boyuncha-baldar-olumu-kyrgyzstanda-az.html