БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаада пауэрлифтинг боюнча Орто Азия биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-июндан 24-июнга чейин өтөт. Спорттук иш-чарага Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Россия, Өзбекстан, Индия чогулган спортчулар келет. Буга кыргызстаныктар да катышат. Анда ар түрдүү салмактагы өспүрүмдөр, чоңдор арасында күч сынашуу болот.
Пауэрлифтинг — штанганы жатып алып жана туруп көтөрүү. Андан сырткары, штанганы ийинге коюп алып, отуруп-турган спорттун түрү.