БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында көчмө телестудияны 500 миң долларга кымбат алган деген сөзүнө жооп берди.
Эл өкүлү 2017-жылы КТРК 1 миллион 500 миң долларга көчмө телестудия алганын, бул нарк кымбат түшкөнүн айткан.
"Интернетте жабдуунун баасы 1 миллион долларды эле көрсөтүп жатат. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул фактыны текшерип көрүшү керек. Баасын интернеттен деле карап көрсөңөр", — деген Иманалиев.
Депутаттын айткандарына КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков Facebook баракчасы аркылуу жооп берди.
Буга чейин Карыпбеков 2016-жылкы парламенттик шайлоодон түшкөн каражатка көчмө телестудия аларын айткан эле. https://sputnik.kg/Radio/20161214/1030784003/ktrk-kochmo-studiya-satyp-alat.html Окуяларды жеринен түз алып берүүгө жол ачкан, HD 16:9 форматтагы 8 камерасы бар заманбап жаңы көчмө студия Түркиядан алып келинген.