00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ош" базарда көчө шыпырып иштегем! Илим Карыпбеков тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековСуроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок.
Суроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков бүгүн, 18-февралда 39 жашка чыгып отурат.

Чоң ата, чоң энесинин тарбиясын көрүп, Европада билим алган юрист тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.

Нарында өткөн балалык. Илим Карыпбеков 1979-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Кичине кезинде ата-энеси ажырашып кеткендиктен чоң ата, чоң энесинин колунда өсүп, абышка-кемпирдин тарбиясын алган. 11-классты Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы мектептен бүтүрүп, 1996-жылы Бишкекти көздөй жөнөгөн.

Студенттик кез, көчө шыпырган күндөр. Окууну биринчи орунга койгон жигит Улуттук университеттин юридикалык факультетин кызыл диплом менен аяктаган. "Студент кезде эле иштеп акча тапканды билчүмүн" деген медиа жетекчи "Ош" базарында көчө шыпырып, таксист, дүкөнчү болуп да жан бакканын жашырган жок. Андан соң юридикалык билимин бекемдеш үчүн Түркияда "эл аралык мамилелер жана дипломатия", Варшавада "адам укуктары" боюнча магистратураны аяктаган. Кийин юрист катары ишмердүүлүгүн алгач жеке компаниядан баштаган.

Официальное открытие модернизированных офисов КТРК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КТРКнын сайтынын жасалгасын уурдаган шылуундар дары сатууда
Майлуу-сүттүү кызматтар. Карыпбеков эл аралык уюмдарда юрист болуп иштеп жүрүп 2009-жылы президенттин катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалат. 2011-2012-жылдары "Мегаком" компаниясынын директорунун юридикалык маселелер боюнча орун басары болгон. Жыл өтпөй эле кайра "Манас Хендлинг Групп" компаниясын, башкача айтканда "Манас" эл аралык аэропортун башкарып калат. Ал эми КТРКда алгач байкоочу кеңештин төрагасы болуп иштеген. Кийин 2015-жылдын 6-февралында коомдук каналдын жетекчиси болуп шайланган. КТРКнын тарыхында ал 19-жетекчи.

Апасы да юрист. Карыпбековдун апасы Айжамал Ажибраимова кесиби боюнча юрист. Сот тармагындагы эмгек жолун 1975-жылдары баштаган. Учурда ал Евразия экономикалык биримдигиндеги соттун судьясы.

Ажалдан аман калган… 2017-жылы 1-мартка караган түнү Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, кайра соккон.

Спорт сүйүүчүсү. Карыпбеков спортко жакын экенин жашырбайт. Бош убактысын кышкысын лыжа тээп өткөрсө, күн жылууда сууда сүзүп, велосипед тебет. Бүгүн да туулган күнү менен куттуктап, байланышканыбызда уулу менен лыжага кетип бара жатканын айтты.

Кан досу. Маркум вице-премьер Темир Жумакадыров Илим Карыпбековдун кан досу болгон. Тилекке каршы Жумакадыров да жол кырсыгына кабылып, ошол жерден көз жумган. Жакын досун жоготуу Карыпбеков үчүн оңойго турган эмес. Социалдык тармактагы баракчасына досу менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп, ал өтө жөнөкөй адам болгонун Sputnik маалымат агенттигинин кабарчыларына айтып берген.

Дарыгерлер Илим Карыпбековду ажалдын оозунан кантип сууруп алганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0