00:45 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Депутат Каныбек Иманалиев. Архив

Иманалиев Каныбек Капашович.Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
178 0 0

Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1987-1989-жылдары Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн.

Билими жогору. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1998-жылы РФтин президентинин алдындагы Россиялык мамлекеттик кызмат академиясын "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн. 

Эмгек жолу:

  • 1992-1994 — "Асаба" гезитинин кабарчысы
  • 1994-1995 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын референти
  • январь, 1996 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси
  • июль, 1996 – декабрь, 1999 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын маалымат катчысы
  • декабрь, 1999 — декабрь 2004 — "Учкун" АКнын президенти
  • 2000-2005 — Бишкек шаарынын №2 Жайыл шайлоо аймагы боюнча КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү
  • 2005-2007 — №62 Аламүдүн шайлоо аймагы боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаты
  • декабрь, 2008 – ноябрь, 2010 — Кыргызстан-Россиялык Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору 
  • октябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы 
  • октябрь, 2015 — "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.

Сыйлыктары:

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын "Древо дружбы" ("Достук дарагы") медалы. 

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Белгилер:
Каныбек Иманалиев, таржымал, өмүр баян

ЭҢ МААНИЛҮҮ