БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 16…21 градус жылуу болсо, Ысык-Көл менен Нарында 8…13 градус нөлдөн жогору болору күтүлүүдө.
Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 18…20 градуска чейин жылыйт.