БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планынын долбоору толуктоо үчүн кайтарылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Дүйшөмбү күнү коомдук угуу болуп, ага калаа башчысы Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, депутаттар, Мамлекеттик долбоорлоо институтунан долбоордун авторлору, шаар тургундары, архитекторлор жана башкалар катышкан.
Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өтүп, катышуучулар тийиштүү жактарга өз суроолорун беришкен. Анын жыйынтыгында көпчүлүк суроолорго жооп болбогондуктан долбоорду толуктоо үчүн кайтаруу чечими кабыл алынган.
Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу планынын долбоору нормативдик-техникалык документ болуп саналат. Анда жолдордун, арыктардын, маданий объектилердин, калкты коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө боюнча бардык жайлар камтылган. Башкача айтканда, долбоордо кайсы имарат кайсы жерде болушу керектиги көрсөтүлөт.