Аягына чейин турам! Чемпион Орзубек Назаров ИИМден 10 млн. сом өндүрүү ниетинде

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив
Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назаров ИИМден кызынын дарылануусуна кеткен 156 миң сом жана моралдык чыгым катары 10 миллион сом төлөп берүүсүн талап кылууда

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кызынын жол кырсыгына кабылышы боюнча 10 миллион сом өндүрүп алууну каалайт. Бул тууралуу боксчу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, 2017-жылы 19-августун түнүндө саат 1:30дар чамасында Аделина Назарова Бишкектин борборунда досу менен мотоциклде баратып жеңил автоунааны барып сүзгөн. Мотоциклди айдап бараткан 21 жаштагы бала каза болуп, жеңил автоунаанын ичиндеги үч киши да оор жаракат алган. Алардын бирөө кийин каза болгон. 

Аделина 10 күндөн кийин гана эсине келген. Прокуратура текшерүүдөн кийин мотоциклди милиция кызматтык машинасы менен кууганын билдирген.

Назаров бул жол кырсыгына Ички иштер министрлиги жоопкер болушу керек деген пикирде, анткени алар бардык кызматкерлерине жооп берет. Аталган жол кырсыгы боюнча сот январдын аягында башталган.

Маршрутка сүзгөн наристе буту жок жөрмөлөп... Энесиз калган бөбөктүн тагдыры - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка сүзгөн наристе буту жок жөрмөлөп... Энесиз калган бөбөктүн тагдыры
Аделина учурда 18 жашта. Авариядан бери жарым жылдан көп убакыт өттү. Жол кырсыктан кыздын баш сөөгү сынып мээси чайкалган. Андан сырткары ички органдары жабыркап, жамбаш сөөгү бырчаланып кеткендиктен дарыгерлер аны бирден чогултуп, калыбына келтирген.

Кыз азыр кадимки жашоого кайтып келүүгө аракет кылууда. Ата-энеси билим алуусу боюнча мугалим жалдап, аны менен кошо дарылануусун улантууда. Аделина андан сырткары гимнастика менен машыгып, ден соолугун калыбына келтирүү үчүн күрөшүүдө.

"Жарым жылдан бери мектепке бара элек, анткени аны жалгыз калтыруудан коркуп жатабыз. Бул окуя кызым үчүн чоң психологиялык сокку болду. Көңүлүбүз азыркыга чейин тынчый элек.  Аделина мурда кубанычы койнуна батпаган кыз эле, азыр маанайы тез-тезден түшүп, кайра көтөрүлүп, өзгөрүлмөлүү болуп калды.  Кээде ыйлайт. Кызым ооруканада көпкө өзүнө келбей жатты. Бирок жашоо үчүн күрөштү. Ушул нерсе кызымды өлүмдөн алып калды окшойт", — деди Назаров.

Сотто милиция кызматкерлери күнөөсүн моюндаган эмес. Тергөөдө жол кырсыгына тиешеси жок экенин билдиришип, авария болгон учурда "шаурмага баратканын" айтышкан. Андан сырткары төшүнө тагыла турчу камерасы жана кызматтык унаасында GPS-навигатору жок иштешкен. Назаровдун билдиришинче, милиция кызматкерлери 2017-жылдын декабрына чейин ички иштер органдарында иштеген.

Наезд на велосипедиста в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин чок ортосунда унаа велосипедчен адамды коюп кетти. Сүрөт
"Кайгуул милициясынын аты өзгөргөнү менен жолдогу абал мурдагы бойдон. Мен  ошол абалды өзгөртүм келет. Эгер милициянын милдети тартипти сактоо болсо, аны так аткарсын. Бул кайгылуу окуя башкаларга сабак болушун каалайм. Эгер жасаган кылмышы үчүн түрмөгө отура турган болсо, камалсын. Алар күнөөсүн моюнга алып, кырсык болгондун эртеси келип кечирим сураганда бардыгы башкача болмок. Тескерисинче кызматкерлер ал жерде болбогонун айтышууда", — деди боксчу.

Бул жол кырсыгы боюнча Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алар: 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту — Кызмат адамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша чабуу жана оор кесепеттерге алып келүү. Бул берене менен соттолгондор сегиз жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү камакка алынат. Айрым кызматтарда иштеп, алектенүү укугунан үч жылга чейин ажыратылат. Эгер эки миллион сом өлчөмүндө айып пул төлөсө жогорудагы тыюу салуулардан кутула алат.

121-берене. Коркунуч абалда калтыруу. Бул берене менен жоопко тартылгандарга 100 миң сом айып салынып, үч жыл коомдук жумуштарга кесилет же үч жыл эркинен ажыратылат.

Назаров кызынын дарылануусуна кеткен 156 миң сомду жана моралдык чыгым катары 10 миллион сом өндүрүп алууга ниеттенүүдө. Боксчу кызын дарылоого арызда көрсөтүлгөн суммадан бир кыйла көп каражат кеткенин кошумчалады. Ал арызда көрсөтүлгөн сумманы башында ооруканадан квитанцияларды чогултпаганы менен түшүндүрдү.

"Мен аягына чейин турам. Эл өз укуктарын коргоо керектигин билиши керек. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарыл. Кандай гана нерсе болбосун чыдамкай болуу кажет. Калганы соттун колунда, бул жерден мен эч нерсе кыла албайм", — деди ал.

Назаровдун адвокаты Гүлнара Дүйшөнбекованын айтымында, сот ишти адилеттүү карап жатат. Эгер алар сотто утса, Ички иштер министрлиги моралдык жана материалдык чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилет.

"Министрлик бул сумманы соттолгондордон төлөтүп алса болот", — деди жактоочу.

Аделинанын каза болгон досунун туугандары мотоциклдин артынан кууган милициянын машинасы видеокамерага түшүп калганын билдиришкен. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуяга көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0