БИШКЕК, 7-апр — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Бишкектин чок ортосунан велосипедчен адамды унаа коюп кеткендигин кабарлады.
Жол кырсыгы Чүй жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде болжол менен саат 15:20да болгон. Велосипедчен адамды Honda Stepwgn унаасынын ээси сүзгөн.
Окуянын катышуучулары жол эрежесин бузду деп бири-бирин айыптоодо. Велосипедчен дарыгердин жардамынан баш тартып, милиция кызматкерлерин чакырды.