Уюштуруучулар иш-чаранын максаты Борбор Азияда мотоспортту жайылтуу экендигин айтып беришти. Спортчулар тогуз категория боюнча күч сынашкан. Жарышка кыймылдаткычы 50, 65, 85, 125, 250 жана 500 куб сантиметрлик мотоциклдер катышты. Категорияга жараша ар бар спортчуга жети мүнөттөн 20 мүнөткө чейин убакыт берилди.
900 метрлик трассада 15тен ашык трамплин жана башка тоскоолдуктар коюлган.

Мотокросс боюнча мелдеш ишемби күнү Бишкектин четинде өттү

Эл аралык турнир быйыл үчүнчү жолу болду

Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Россиядан эң мыкты спортчулар келишкен

Жарышка жалпысынан 100дөй спортчу катышты

Мелдеш тогуз категория боюнча өттү

Жарышка кыймылдатчысы 50, 65, 85, 125, 250 жана 500 куб сантиметр болгон мотоциклдер катышты

Спортчулар үчүн атайын трассага бир нече тоскоолдуктар коюлган

Алар түрдүү жаш категориясы боюнча ат салышты

Жарыша турчу трассанын узундугу 900 метрди түздү

Спортчулардын ар бирине категориясына жараша жети мүнөттөн 20 мүнөткө чейин берилди

Чоңдор менен бирге жаш балдар да өз күчүн сынады

Иш-чаранын максаты - мотоспортту Борбор Азияда жайылтуу