БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Швейцариянын 10 франк банкнотасы 2017-жылы дүйнөдөгү эң кооз купюра деп табылганы Эл аралык банкнота коомунун (IBNS) расмий сайтында жарыяланды.
International Bank Note Society (#IBNS) announces that Switzerland 10 Franc #banknote has received its prestigious "Bank Note of the Year Award" for 2017. https://t.co/Ue7KIUQSj8 pic.twitter.com/VE7D1QnGnN
— The IBNS (@theibns) 7 апреля 2018 г.
"Жылдын банкнотасы" аттуу беделдүү сынакка 20 өлкөдөн 22 купюра катышкан. Калыстар банкноталардын дизайны, көркөм иллюстрациясы, түстөрдү колдонуу айкалышы жана жасалмалуулуктан корголуусуна карап баа берген.
Ага негизи атаандаш катары Шотландиянын 10 фунт стерлинги, Канаданын 10 доллары жана Фиджи мамлекетинин 7 доллары болду.
Өткөн жылы дүйнө боюнча жаңы дизайн менен 170ден ашуун жаңы банкнота чыгарылган.