Бишкектеги Щербаков көчөсүнүн бир бөлүгү жайдын ортосуна чейин жабылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан автоунаа. Архив
Жолдо бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар үч ай бою альтернативдик жол менен жүрүүлөрү керек болот

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте Щербаков көчөсүнүн бир бөлүгү ремонт иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 22-марттан тарта аталган көчө Манастан Махатма Ганди көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.

Ремонт иштеринин жүрүшүндө жолдун бордюрлары, тротуарлар, аялдамалар жана жол белгилери жакшыртылат.

Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-юлунда бүткөрүү пландалууда.

Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдордун картасын материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0