Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдор. Карта

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРемонт дорожного полотна в Москве
Ремонт дорожного полотна в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясы Кытайдын жол салуу корпорациясы менен калаага 2017-2018-жылдар аралыгында 49 жол жана 6 көпүрө куруу боюнча келишимге кол койгон. Жолдорду реконструкциялоо иши былтыркы жылдын жаз айында башталып, 2017-жылы 13 жол толугу менен жасалып бүтүп, калганы быйылкы жылга калган.

2018-жылы калаада дагы канча жана кайсы жолдор толугу менен реконструкцияланып бүтөт? Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Канча сомдук жолдор салынууда?

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин айтымында, эки жыл ичинде 49 жол куруп бүтүрүү боюнча кытай тарап менен атайын келишим түзүлгөн.

"Бишкек шаарынын жолдорун өнүктүрүү жана кайра куруу" долбоорунун негизинде 1-фазага кытай тарап 478 миллион юань (74,2 миллион доллар) бөлүп берген. Бирок бул акча мэрияга накталай берилген эмес. Каражатты кытай тарап жумушка жараша улам бөлүп берип, көзөмөлдү да өздөрү жүргүзүп турат. Былтыр 49 жолдун 13ү толугу менен бүтүп, калган 36сы быйыл жасалууда", — деди Эшенбаев.

Мындан тышкары, мэрия кытай тарап менен түзүлгөн "Борбордук көчөлөрдү калыбына келтирүү" долбоорунун негизинде 23 көчөнү оңдоп-түзөөнү пландоодо.

"Борбордук көчөлөрдү калыбына келтирүү долбооруна жалпы 23 көчө кирген. Быйыл анын 15и жасалып, калганы кийинки жылга калтырылат. Аларды оңдоп-түзөөгө кытай грантынан жалпы 160 миллион юань (25,3 миллион доллар) бөлүнгөн", — деди Эшенбаев.

2018-жылы капиталдык ремонттон өтө турган жолдор

Лев Толстой көчөсү. Шабдан баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;

"Кара-Жыгач" жаңы конушу, Оберон көчөсү. Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

Достоевский көчөсү. Горький көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

Лермонтов көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;

Чыгыш-5 кичи району, Мамбетов көчөсү. Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;

Токтогул көчөсү. Гоголь көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин;

Сүйүмбаев көчөсү. Москва көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

Айтматов көчөсү. Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

Осмонкул көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Курманжан датка көчөсүнө чейин;

"Ак-Босого" жаңы конушу, Профессор Зима көчөсү. №81 мектептен Бухара көчөсүнө чейин;

Орозбеков көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;

Тоголок Молдо көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;

Щербаков көчөсү. Махатма Ганди көчөсүнөн Баку көчөсүнө чейин;

Баялинов көчөсү. Махатма Ганди көчөсүнөн Баку көчөсүнө чейин;

"Жеңиш" жаңы конушу. Новая көчөсүнөн Суеркулов көчөсүнө чейин;

Профсоюз көчөсү. Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;

Кустанай көчөсү. Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюз көчөсүнө чейин;

Садыгалиев көчөсү. Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюз көчөсүнө чейин

Салтанат көчөсү. Кайназаров көчөсүнөн Патрис Лумумбага чейин;

Мурманск көчөсү. Садыгалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Лев Толстой көчөсү. Садыгалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Калык Акиев көчөсү. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

Турусбеков көчөсү. Чүйков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

Тыныстанов көчөсү. Линейная көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

Токтоналиев көчөсү. Масалиев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин. Ала-Арча суусу аркылуу;

Малдыбаев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин, чыгыш тарабы;

Малдыбаев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;

Тыналиев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин;

Репин көчөсү. Түштүк магистралдан Күйүкова көчөсүнө чейин;

"Ак-Ордо" жаңы конушу, Ахунбаев көчөсү. Бах көчөсүнөн Айбийке көчөсүнө чейин;

Алыкулов көчөсү. Муромск көчөсүнөн (ТЭЦ-2) Гагарин көчөсүнө чейин;

"Арча-Бешик" жаңы конушу, Күйүкова көчөсү. Бах көчөсүнөн Муромск көчөсүнө чейин;

Шералиев көчөсү. Түштүк магистралынан "Арча-Бешик" жаңы конушунун №18 көчөсүнө чейин;

Абдрахманов көчөсү. Тынчтык проспектисинен Чортеков көчөсүнө чейин;

"Ынтымак" жаңы конушу, Орто-Көчө көчөсү. Бах көчөсүнөн Ветеринарная көчөсүнө чейин;

"Мурас-Ордо" жаңы конушунун кире бериши.

Былтыр бүткөн жолдордун тизмеси

Иманалиев көчөсү. Абдрахмановдон Түштүк магистралга чейин;

Медеров көчөсү. Панфиловдон Токтоналиевге чейин;

Саадаев көчөсү. Тоголок Молдодон Орозбековго чейин;

Каралаев көчөсү. Токомбаевден Нуркамал көчөсүнө чейин;

Лущихин көчөсү. Тимур Фрунзеден "Ак-Өргө" конушуна чейин;

Гагарин көчөсү. Айгүл-Тоодон Айбике көчөсүнө чейин;

Рыскулов көчөсү. Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин;

Токомбаев көчөсү. Шабдан-Баатырдан 12-кичи районго чейин;

Элебесов көчөсү.

Достоевский көчөсү. Ахунбаевден Анкарага чейин;

Жамгерчинов көчөсү. Садыгалиевден Интергельпого чейин;

Көлбаев көчөсү. Лермонтовдон Ауэзовго чейин;

Фрунзе көчөсү. Айтматовдон Лермонтовго чейин.

2018-жылы оңдоп-түзөлө турган борбордук көчөлөр

Айни көчөсү. Псков көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин;

Термечиков көчөсү. Лев Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

Эркиндик бульвары. Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;

Жибек-Жолу проспектиси. Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

Бах көчөсү. Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;

Бах көчөсү. Гагарин көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

Чүй проспектиси. Шабдан баатыр көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин;

Салиев көчөсү. Муктар Ауэзов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;

Чүй проспектиси. Павлов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

Репин көчөсү. Күйүкова көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

Манас проспектиси. Жибек-Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;

Москва көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин;

Шабдан баатыр көчөсү. Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

Бишкектин 1,5 жыл мурун оңдолгон жолу азыр согуш талаасын эске салат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин 1,5 жыл мурун оңдолгон жолу азыр согуш талаасын эске салат. Видео
Ахунбаев көчөсү. Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;

Ахунбаев көчөсү. Айтматов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев быйылкы жылга пландалган жолдор октябрь айынын аягына чейин пландалганын жана бул убакытка ремонт иштери бүтүп калаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0