20-март астрологиянын эл аралык күнү. Айрымдар бул күндү 19-март же 21-мартта белгилеп келет.
Ушул күндү утурлай Бишкек шаарында бир кезде болгон планетарийдин имараты азыр кандай абалда экенин билип көрдүк. Учурунда бул жерде жаштарды илимге, билимге кызыктырган көргөзмөлөр болуп турган. Ошондой эле имараттын ичинде кинотеатр, жылдыздуу асманды эске салган экспозиция келгендерди кызыктырчу.
Бишкектеги планетарий 1974-жылы ачылган.