Фотофакт: Бишкек — Ош трассасындагы көчкү замбирек менен атып түшүрүлдү

Жазылуу
Жакынкы эки күндө Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жападан жалгыз жол убактылуу жабык болот

Сход лавины в ущелье Чычкан на автодороге Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкүдөн улам Бишкек — Ош жолу жабылды. Учурда эмне болуп жатат
Бишкек — Ош трассасынын үч участкасында атайылап кар көчкү түшүрүлүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай иштерди аткарууга Куралдуу күчтөр башкы штабынын артиллериялык жабдыктары тартылган.

Кечээ, 13-март күнү, саат 22.40та Чычкан капчыгайынын аймагында 2,5 миллион куб метр кар көчкү түшкөн. Анын узундугу — 250, туурасы — 200, ал эми бийиктиги — 50 метрге жеткен.

Жолду 40тан ашуун куткаруучу менен төрт техника тазалап жатат. Жабырлануучулар жок. Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек — Ош жолу үч күнгө жабылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0