БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Түндө "Чычкан" капчыгайында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, учурда Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды, алдын ала маалыматтар боюнча адамдарды басып калган факты жок. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
![Түндө Чычкан капчыгайында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, учурда Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды Түндө Чычкан капчыгайында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, учурда Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/71/1038147185_0:30:1031:679_600x0_80_0_0_40402a930f8536fe443822ecb0cef07d.jpg)
![Алдын ала маалыматтар боюнча адамдарды басып калган факты жок Алдын ала маалыматтар боюнча адамдарды басып калган факты жок - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/71/1038147164_0:35:1032:684_600x0_80_0_0_a005913a35c58d67fb654afd8289ee91.jpg)
![2,5 миллион куб көчкү болжол менен саат 22:40та түшкөн. Учурда Сосновка, Өтмөк, Арал посттору тосулду 2,5 миллион куб көчкү болжол менен саат 22:40та түшкөн. Учурда Сосновка, Өтмөк, Арал посттору тосулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/71/1038147192_0:67:1032:716_600x0_80_0_0_d670ba65d702fde7bf0dfce1c6a5d72c.jpg)
![Андан сырткары, карды тазалоочу техника тартылган. Андан сырткары, карды тазалоочу техника тартылган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103814/71/1038147180_0:59:1031:708_600x0_80_0_0_78dfa51b92fc4a4a82d51d46f2dc1702.jpg)
"2,5 миллион куб көчкү болжол менен саат 22:40та түшкөн. Учурда "Сосновка", "Өтмөк", "Арал" посттору тосулду. Тагыраагы, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды. Түндө аталган жерге ӨКМдин 20 куткаруучусу жөнөп кетти", — деп айтылат.
Андан сырткары, карды тазалоочу техника тартылган. Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал" постторунда туруп калган жүргүнчүлөр үчүн жылуу жайлар жана ысык тамак берүү жайлары уюштурулган.
ӨКМ жагдай боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин айтты.