"Аю гранд комфорт" соода борборунун алдында өткөн иш-чаранын негизги максаты — бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.
12 казанга бышкан тогуз жылкынын этинен бешбармак жасоо үчүн 40 ашпозчу жана 30 жардамчысы эки күн бою аракетте болушту.
Эске салсак, алгач активисттер иш-чараны шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бул жерде каалоочулардын баары даярдалган тамактан ооз тие алышмак. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормалар менен коопсуздук чараларынан улам "Ала-Тоо" аянтына өткөрүүгө тыюу салган.

Алгач активисттер иш-чараны Ак калпак күнүнө карата шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормаларга карап макул болгон эмес

Тогуз жылкынын этин биринчи күнү бышырып алып, кесмесин эртеси күнү даярдашты

Бешбармактын кесмеси ичке тууралышы керек

Тууралган эт менен шорпого бышкан кесмени аралаштырганда гана даамду бешбармак даяр болот

Бир тоннадан ашык бешбармакты даярдоого 40 ашпозчу катышты

Алгач 110 метрлик чучук жасоо пландалганы менен кийин ченей келгенде анын узундугу 117 метрге жетти

Тоодой беш бармактын жасалышын көрүп, ооз тийгиси келгендер абдан көп болду

Тогуз жылкынын эти 12 казанга бышырылды

Кыргыздар илгертеден жигитти эт тууратып сынаган

Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү катышкан иш-чарада тазалыкка чоң маани берилди

Ашпозчуларга 30дай адам кол кабыш кылды

Таразанын үстүнө коюлган чоң табакта аралаштырылып жаткан бешбармак

Чыксыз бешбармакты элестетүүгө болбойт

Таразага тартканда тамактын салмагы бир тонна эмес, 1464 килограмм болуп кетти

Тамагыңар таттуу болсун!
