БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Азат Таштанбеков таяк тартыш боюнча эл аралык Arnold Classic 2018 мелдешин жеңип алды. Бул тууралуу таймаштын расмий сайтында жазылды.
Турнир аптанын башында АКШнын Колумбус шаарында башталган.
Таштанбековдун жеңиши тууралуу Facebook тармагына дагы жазылды.
Маалыматка каранда, кыргызстандык 100 килограмм салмак ченинде төрт спортчу менен ат салышып, 14 упай топтоду. Экинчи орунду канадалык Квинтон Фолк (12 упай), үчүнчүнү венгриялык Тамаш Дели (10 упай) алды.
Мекендештер интернетке Таштанбековдун мелдештеги видеосун жүктөдү.
Эске салсак, ушул эле мелдештин алкагында бодибилдинг боюнча дагы сынак өтүп, анда өзбекстандык атлет Михаил Волынкин жеңип алган.
Баш байгени жеңүүчүгө Арнольд Шварценеггер өзү тапшырган.