Кара-Кулжа: Тар суусуна түшүп кеткен кишини жүздөн ашык адам издеп жатат

Жазылуу
Кырсык 27-февралда болгон

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына түшүп кеткен 44 жаштагы жаранды жүздөн ашык киши издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ичке-Суу айылынын тургуну 27-февралда саат 17:00дөр чамасында кырсыктаган.

Издөө иштерине 26 куткаруучу, 4 милиция жана 100дөй жергиликтүү тургун тартылган. Дайынсыз болуп жаткан кишини издөө бүгүн дагы улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0