Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медаль тагынды. Сүрөт

© пресс-служба ГАМФКиСКубок Мира по пауэрлифтингу среди спортсменов с нарушениями опорно-двигательного аппарат в Дубае
Кубок Мира по пауэрлифтингу среди спортсменов с нарушениями опорно-двигательного аппарат в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Дубай шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат. Кыргызстандын атынан беш спортчу жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Учурда Дубай шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат. 16-февралда башталга турнир 22-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстандын атынан Калиевден тышкары Сагынбек Махаматкул уулу, Жыргалбек Оросбаев, Адилет Камчыбеков, Максат Аргымбаев жана машыктыруучу Аднан Джабраилов жөнөтүлгөн болчу.

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду.
Кыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду.
© пресс-служба ГАМФКиСУчурда Дубай шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат.
Учурда Дубай шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Учурда Дубай шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат.
© пресс-служба ГАМФКиС16-февралда башталга турнир 22-февралда жыйынтыкталат.
16-февралда башталга турнир 22-февралда жыйынтыкталат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
16-февралда башталга турнир 22-февралда жыйынтыкталат.
1/3
Кыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду.
2/3
Учурда Дубай шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат.
3/3
16-февралда башталга турнир 22-февралда жыйынтыкталат.

Мелдешке катышып жаткан кыргыз спортчуларынын ичинен биринчи болуп Эсен Калиев 59 килограмм салмакта күчүн сынады. Алгачкы аракетинде 158 килограмм, экинчи ирет 163 килограммдык штанганы ийгиликтүү көтөрүп, үчүнчү жолкусунда 173 килограммды көтөрүү аракети текке кетти. Жыйынтыгында спортчу экинчи орунду ээледи.

Горнолыжник Евгений Тимофеев  во время зимних Олимпийских игр в Пхёнчане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык лыжачы Олимпиада оюндарында 46 атаандашынан ашып өттү
Бул салмак ченинде алтын медалды 178 килограмм салмакты көтөргөн иорданиялык спортчу Тарбаш Мохаммад багындырды. Коло медалдын ээси таиланддык Сукжарейн Чоочат болду (150 кг).

Спортчуларды иш-сапарга жөнөтүү үчүн спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан 552 миң сом бөлүнгөн.

Баса, мелдеште бактысын сынай турчу Жыргалбек Оросбаев "Sports Awards-2017" версиясында "Паралимпиада боюнча мыкты спортчу" наамына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0