КТРКнын сайтынын жасалгасын уурдаган шылуундар дары сатууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфициальное открытие модернизированных офисов КТРК в Бишкеке
Официальное открытие модернизированных офисов КТРК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда белгилүү кишилердин атын жамынып алып, алдамчылыкка барган алгачкы учур эмес. Бир нече жума мурун Саламаттык сактоо министрлигинин сайтынын жасалгасын уурдап алган интернет-ресурс пайда болгон.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Коомдук биринчи каналдын сайтынын жасалгасы уурдап алган интернет портал белгилүү хирург Калдарбек Абдрамановдун жүрөк оорусуна кабылгандар үчүн дары сатып алууну сунуштаган интервьюсун жарыялаган.

© Фото / ktrktv.ruКоомдук биринчи каналдын сайтынын жасалгасы уурдап дары сатып алууну сунуштаган интернет портал
Снимок одного из сайтов, дизайн которого скопирован с портала Общественной телерадиокорпорации (КТРК), где опубликовано интервью местного хирурга Калдарбека Абдраманова, рекомендующего приобрести медицинский препарат для лечения заболеваний сердца. - Sputnik Кыргызстан
Коомдук биринчи каналдын сайтынын жасалгасы уурдап дары сатып алууну сунуштаган интернет портал

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков алдамчылар алардын сайтынын дизайнын көчүрүп алып, өздөрүнүн товарларын сатууга аракет кылган биринчи эле аракет эместигин билдирди.

"Биздин компания эч качан дары саткан эмес. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Андыктан интернет колдонуучуларды этият болуп алдамчылардын торуна түшпөөнү суранабыз", — деди Карыпбеков.

Аталган сайтта башкы кардиохирург Кыргызстана Калдарбек жүрөктүн дарысын жарнамалайт.

Дарыгер Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бул сайтты көрүп, абдан жини келгенин айтты.

Дары-дармектерди жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыккан топтун жетекчиси Сүйүнбек Сырдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сүйүнбек Сырдыбаев: дары-дармектер өтө чоң бизнеске айланды
"Эч кандай маек берген эмесмин. Жарнамаланып жаткан дарыга менин жана илимий борбордун эч кандай тиешеси жок. Андыктан кимдир-бирөө менин атымды жана илимий борбордун баркын өзүнүн дарысын сатууга колдонуп жатат. Бейтаптарга айтарым — дарыны сатып алардын алдында кардиолог менен сөзсүз түрдө кеңешүү керек", — деп ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жакында эле Sputnik Кыргызстан агенттиги ушундай ыкма менен өз соодасын жүргүзгөндөр тууралуу материал даярдаган. Анда алдамчылар Саламаттык сактоо министрлгинин сайтынын жасалгасын көчүрүп, өз максатын ишке ашырууну көздөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0