БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш улуттук спорттун 36 түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышары болжолдонууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.
Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 15-декабрында салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө үчүнчү ирет өтүүчү Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берген.
Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын промо-ролиги чыккан.