Шанхай шаарынын полициясы Weibo социалдык тармагына оңунан чыкпай калган уурулук тууралуу видео жарыялады. Аны YouTube каналынан көрүүгө болот.
Түн жамынып келген эки киши дүкөндүн витринасын талкалап, ичкериге кирүүгө аракет кылган. Кыш ыргытып, айнекти кезектешип талкалоого аракет кылышканы байкалып турат. Алардын бири шериги маңдайына келип калганын байкабай калып, күү менен ыргыткан ташы беркинин башына тийип, ал жыгылып түшкөн.
Видеодон далбастаган ууру эсин жоготкон экинчисин окуя болгон жерден сүйрөп кетүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
"Эгерде уурулардын баары ушинтип жаза тайып жаңылып турса, биз күндөп-түндөп иштебейт элек", — деп айтышкан Шанхай полициясынын өкүлдөрү.
Ал эми алар кармалдыбы-жокпу, маалымат калтырылган эмес.
Американын Вашингтон штатынын Бозелл шаарында башка бирөөнүн посылкасын уурдайм деген аял тайгаланып жыгылган видео да күлкүгө салат.