Кытайдын Дунгуань аймагындагы темир жол станциялардын биринде адаттагыдан тыш көрүнүш болду. Ал жердегилер рентген менен жүктөрдү текшерип жатып, чемодандын ичиндеги аялды байкашкан. Бул видео Youtube каналына жайгаштырылган.
South China Morning Post гезити коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жүргүнчүгө радиациялык нурлар кооптуу экендигин эскертип, сумкадан чыгууну суранган.
Видеожазуудан аял буюмдарына аралашып, төрт аяктап турганын көрүүгө болот. Ал эми текшерип жаткан кыздардын таңгала карап, ал эми рентгендин жанында турган кызматкердин күлкүсүн тыя албай жатканы да жазылып калган.
Аталган станциянын кызматкеринин айтымында, Кытайда мындай жылмаюу жараткан учурлар көп кездешет.