БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы курама командасы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Мелдеш 16-24 февраль күндөрү Дубай шаарында өтөт. Анда өлкө намысын Эсен Калиев, Сагынбек Махаматкул уулу, Жыргалбек Оросбаев, Максат Аргымбаев жана Адилет Камчыбеков коргойт. Спорчуларды машыктыруучу Аднан Джабраилов коштоп барат.
Мамагенттиктин олимпиадалык эмес спорт боюнча дирекциясынан буга 552 миң сом бөлүндү.
Баса, мелдеште бактысын сынай турчу Жыргалбек Оросбаев "Sports Awards-2017" версиясында "Паралимпиада боюнча мыкты спортчу" наамына ээ болгон.