00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аида Салянова мандатынан качан ажыратылат? Депутаттын ордун ким басат

Жазылуу
Бишкек шаардык соту Салянованын ишин карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Депутат Аида Саляновага чыккан соттун айыптоочу өкүмү Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшөрү менен каралат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 7-февралда Бишкек шаардык соту эл өкүлү Аида Саляновага карата өкүмүн чыгарып, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган болчу. Ага ылайык, депутат мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок Салянованын кичүү баласы 14 жашка чыга электигинен улам жаза өтөө мөөнөтү жылдырылган.

"Соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмү БШКга түшкөндөн кийин мандат маселесин кароого негиз түзүлөт. Ошондо гана Жогорку Кеңеш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселе каралат", — деди Бекматов.

Ал ошондой эле соттун айыптоочу өкүмү так бир мөөнөттүн ичинде каралышы керек деген эреже мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

Рассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Улюкаева - Sputnik Кыргызстан
Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы айыптоочу өкүм расмий түрдө келип түшө электигин маалымдады.

Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттана турганын буга чейин билдирген болчу. Өз кезегинде Салянова бийлик аны мандатынан эрте ажыратуу үчүн бир топ мыйзамсыз аракеттерге барып, соттор дагы өкүмдү шашылыш кабыл алганын айткан.

"Салянованын мандатын алсак эле менин турмушумдагы маанилүү нерсени алып салдык деп жатышат окшойт. Мандатым жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аны трибунадан бийликке жеткирип турууга жардам берчү. Эми мандаты жок деле өз ишимди кыла берем", — деген ал.

Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы Аида Салянованы мандатынан ажыратса "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова келет. Ал жакында эле Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болгон Искандер Гайпкуловдон кийинки тизмеде турат.

Жогорк Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттарга онлайн-режимде кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү
Белгилей кетсек, Кабилова партиянын тизмесине Гүлнара-Клара Самат деп катталган. Ал Боршайкомду 2007-2008-жылдары башкарган. 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоо учурунда экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны коркутканын айтып, өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч келгенин ачыктап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык соттун өкүмүнүн негизинде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановду мандатынан ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0