Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Улюкаева
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Улюкаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тарыхында саясатчылар сот жообуна тартылып, коомчулуктун көңүлүн бурган бир топ чуулгандуу окуялар бар. Анын ичинен эң эле көп талкууланганы алардын оорусу экенин талашсыз.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Бүгүн, 10-январда, Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин кароо белгиленип, бирок соттук курамы толук болбой жана Салянова келбегендиктен иш каралган жок.

Салянованын жактоочусунун айтымында, депутат ооруп, стационардык дарыланууда болгондуктан, сот отурумуна келе албай калган. Юрист эл өкүлү эмне дарт менен жабыркап жатканын айткан жок, бирок жүрөк оорусуна байланыштуу экенин белгиледи.

Sputnik Кыргызстан саясатчыга кылмыш иши козголгондо же соттук териштирүүлөр башталганда ооруп калган учурларды эске салып көрдү.

Мурат Суталинов

© AFP / STRМурунку башкы чекист Мурат Суталинов
Экс-председатель СНБ Мурат Суталинов - Sputnik Кыргызстан
Мурунку башкы чекист Мурат Суталинов
Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. "Кыргызстандагы кылым соту" аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), операция болуп, химиотерапия алып жаткандыктан үй камагына которулган. Суталинов, андан сырткары, астмасы жана дагы эки илдети бар экендигин айткан. Жогорку Сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

Ооруган боюнча кайра кайтып келген жок…

© Фото / Пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын экс-депутаты Нурлан Сулайманов
Нурлан Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын экс-депутаты Нурлан Сулайманов
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нурлан Сулаймановго Башкы прокуратура 2012-жылы "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды" деген берене менен кылмыш ишин козгогон. Сулайманов министр болуп турганда "ЖолМашКомплект" ЖЧКсына жол-курулуш техникасын жана пайдалануу жабдыктарын мамлекеттик акчанын жардамы менен алып келүүгө колдоо көрсөтүү аракетин жасаган. Мамлекеттик казынага келтирилген зыян дээрлик 250 миллион сомго бааланат. Басылмалардын жазганына караганда, Сулайманов кылмыш иши козголгондон кийин жүрөк оорусуна байланыштуу Москвага чыгып кеткенге үлгүргөн. Ошону менен Кыргызстандан аны эч ким көргөн эмес. 2014-жылы парламенттин жыйынына келбей калгандыктан, мандатынан ажыратылган.

Нариман Түлеевдин рагы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК мурунку депутаты Нариман Түлеев
Пресс-конференция Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
ЖК мурунку депутаты Нариман Түлеев
2012-жылы ал кездеги ЖК депутаты Нариман Түлеевге Бишкектин башчысы болуп турганда коррупциялык иштерди жасаган деген айып коюлган.

Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акаевдер, Бакиевдер... Мекенге кайтууга шашпаган чөт өлкөдөгү кыргыз саясатчылары
Ага карата 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда кесиптештери, дарыгери жана жактоочусу Түлеевдин рак менен ооруй тургандыгын айтышкан. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. Анткен менен экс-мэр мунапыска дал келип, мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөө менен 2016-жылдын 7-майында эркиндикке чыккан.  Ал темир тордон чыккандан кийинки алгачкы кадамы ден соолугун чыңдоо экендигин айткан.

Чет өлкөгө ден соолугун чыңдоого аттанып…

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков
Экс-депутат Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков
2013-жылдын ноябрында Ахматбек Келдибеков УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ага Мамлекеттик салык кызматында төрага, Социалдык фондуга жетекчи болуп жана парламенттин спикерлиги кызматында турганда коррупциялык иштерди жасаган деп күнөө тагылган. Иш козголгон учурда анын тизесине бир нече ирет операция жасалган. Экс-спикердин жактоочулары анын оорусу Кыргызстанда аныкталбай жаткандыктан, Германияга жиберүү сунушун беришкен. Сот Келдибековдун дартынан улам аны чет өлкөдөн дарыланып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берген. Экс-депутат 2014-жылдын 14-августунда учуп кетип, Кыргызстанга алты айдан кийин, 2015-жылдын февралында кайтып келген. Жыйынтыгында Келдибековго сот 10 миллион сом айып төлөсүн деген өкүм чыгарган

Урмат Аманбаева

© Фото / Пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Урмат Аманбаева
Урмат Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Урмат Аманбаева
Экс-депутат Урмат Аманбаева Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы бухгалтери болуп турганда мамлекеттик каражатка алынган таңкыс дарылардын колдонулду деген көлөмүн жасалмалап көрсөткөн делинген. 2009-2013-жылдары мамлекетке 17 миллион 263 миң 500 сом зыян келтирилген деген айып тагылган.

Иликтөө менен соттук жараяндын жүрүшүндө ал эки ирет операция болгон. Биринчисинде жоон ичегинин бир бөлүгүн кесип салышса, экинчисинде жабышып калган ичегини алышкан. КР Кылмыш жаза кодексинин 30чу жана 304-беренелери боюнча кылмышка шериктеш болуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен күнөөлүү деп табылган Аманбаева Жогорку Соттун чечими менен камактан бошотулуп, 3 миллион сом айып салынды

Хаджимурат Коркмазов

© Sputnik / Эркин АлымбековМурунку депутат Хаджимурат Коркмазов
Депутат Коркмазов заявил на суде, что Нарымбаев давит на него - Sputnik Кыргызстан
Мурунку депутат Хаджимурат Коркмазов
2010-жылдын жайында депутат Хаджимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын ал кездеги жетекчиси Данияр Нарымбаев экс-мэри Нариман Түлеевдин кылмыш ишинин сотто оң чечилишине жардам берем деп акча талап кылган. 2015-жылы күздө Коркмазовго урук бездери боюнча операция жасалган. Жактоочу анын чет өлкөгө чыгып жүрөгүн дарылатышы керек деген сунуш берип, бирок сот андай чечим чыгаруудан баш тарткан. Коркмазов ошентип 1,5 жарым жылга, Ал эми Нарымбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Экс-депутат жакында эркиндикке чыкты

Алмамбет Шыкмаматов

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов  - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов
2017-жылдын 20-ноябрында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылган. Башкы прокуратура депутатка Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп кине койгон. Эл өкүлү менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдары "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде күнөөлөнгөн. Биринчи инстанция 2017-жылдын аягында аны күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан

Өмүрбек Текебаев

© Sputnik / Расул Усеналиев"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айыпталган.

16-август күнү Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди айыптуу деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда шаардык сот аталган өкүмдү күчүндө калтырган.

Sputnik Кыргызстан жогорку категориядагы неврлог-дарыгер, психолог-психотерапевт, медицина илимдеринин кандидаты Венера Камаловага кайрылып, соттолгондордун жана кылмыш жообуна тартылгандардын абалы неге кескин начарлап кетет деген собол узатты.

"Бул көрүнүш — оор стресске кабылгандагы абал десек болот. Көпкө созулган стресс иммунитетти начарларып жиберет. Мында өнөкөт оорулар козголот же болбосо канттын деңгээли түшүп, артериалдык кан басымына таасирин тийгизет. Буга кооптуулук симптоматикасы менен уйкунун бузулушу кошул-ташыл болот", — деди Кемелова.

Дарыгер аталган кырдаалда пайда болгон саламаттык боюнча бул көйгөйлөр чындыгында жараларын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0