БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген Искандер Гайпкулов ант берди.
Эске сала кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Текебаев сот тарабынан күнөөлүү деп табылып 8 жылга эркинен ажыраган. Буга байланыштуу ал депутаттык мандатынан кол жуудурган.
Тизме боюнча кийинки талапкер болгон Искандер Гайпкулов аталган фракциядан депутат болуп келди.