Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 31-январда башталып, бүгүн, 4-февралда жыйынтыкталды. Анда 10 салмак категориясы боюнча эркек балдар жана үч салмак түрү боюнча кыздар күч сынашты.
Жалпы эсеп боюнча кыргызстандык мушкерлер 7 алтын, 8 күмүш, 10 коло медалга ээ болду. Жеңүүчүлөр кубок, медель жана дипломдор менен сыйланышты.
Турнирге Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Ачылыш аземинен кийин эл алдына кара кылды как жарган калыстар тобу тааныштырылды

Бокс боюнча турнир спорт сүйүүчүлөр арасында өткөндүктөн, кыздар сөзсүз түрдө башын коргой турчу шлем киет. Сүрөттө Тажикстандан келген спортчу — Мадина Гафурова

Кыз-келиндер арасындагы беттеш көптүн бүйүрүн кызытаары шексиз

Дүйнөдө бокстун деңгээли күндөн күнгө төмөндөп барат дешет... Борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайынын жарымы гана толду.

Эки мушкер бир убакта таамай сокку узатканы рингде чанда гана болот. Баса, кол каптар калың көрүнгөнү менен катуу эле тиет

Тажикстандык мушкер кыз раунд аяктагандан кийин эс алып жатат. Рингге машыктыруучусунан башка эч ким киргенге болбойт

Кыздар табиятынан эмоционалдуу болот эмеспи. Сокку узаткан сайын секин-секин "кыйкырып" койгон кыздар болду

Калыстар мушкерлерди айырмалоо үчүн рингди көк бурч жана кызыл бурч деп бөлүп коюшат. Боксчулар дагы эки түстүн бирин кийип чыгат.

Турнир Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналды. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Тажрыйбалуу боксчулар "соккуну таамай ур" деп айтышат. Бирок мушкер кыздын соккусу тек гана абаны жиреп кетти

Спортчунун жеңиши жана ызасы анын даярдыгынан гана эмес, реферинин баамчылдыгынан да көз каранды

Чаңкаган мушкерге машыктыруучусу суу берүүдө. Дагы бирөөсү бет аарчы менен желдетейин деп жатат.
