"Ток" интернет-порталы Twitter тармагындагы mugshawtys аккаунтунда жайгаштырылган кылмышкер кыз-келиндердин сүрөттөрүн бир видеого чогулткан. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Сүрөттөгү чырайлуу кыз-келиндер баңгизат сактоо, документ жасоо, адам өлтүрүү, тоноо, уурулук сыяктуу оор кылмыш кылгандар экени айтылган.
62 миңден ашуун колдонуучу жазылган mugshawtys аккаунтунун ("mugshot" — "кылмышкердин сүрөтү") администратору улам жаңы сүрөттөрдү жүктөп турат.