БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Социалдык тармакка ТЭЦке барып көчмө жыйын өткөргөн ЖК депутаттары фуршетке калып, чай ичкени тууралуу маалымат тарап, бул коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Sputnik Кыргызстан аталган жыйынга катышкан эл өкүлү Аида Касымалиева менен байланышканда, ал өзү чайга калбагандыгын жана фуршет чындыгында эле депутаттарга даярдалгандыгын айтып берди.
Анын билдиргенине караганда, ТЭЦте өткөн көчмө жыйынга ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөлөрү жана каалаган башка дагы депутаттар барган.
"Жыйын кечки саат төрттөрдө аяктап, сыртка жөнөп, адашып, короо жакка кетип калыпмын. Ал тараптан фуршетти көрүп, таңгалдым. Карасам, стол бир топ эле жакшы жасалыптыр, жөнөкөй эмес. Мен баары бир журналистмин да, "Бул стол кимге? Андан көрө бул жерде иштеген адистерге бербейсиңерби" деп сурадым. Ал жерде турган формачан киши мени депутат деп ойлогон жок окшойт, "тиякка баргыла, баргыла" деп эшикти көрсөтүп койду. Кыязы, ал киши мени жөн эле журналист кыз деп ойлоду окшойт. Кийин уксам, ал депутаттарга даярдалган дасторкон дешти. Атын айтпай эле коёюн, кечээ ТЭЦтин кызматкерлери парламентте жолугуп калып, "кечээ эмне чай ичпей кеттинер" деп жатпайбы. Аларга "ушундай кыйналып жаткан учурда фуршет уюштурбай эле койбосуңарбы, туура эмес" деген пикиримди айттым", — деди депутат.
Касымалиева кимдин чай ичкендигин өз көзү менен көрбөгөндүгүн, бирок дасторкон депутаттарга жасалгандыгын тастыктады.
Эске салсак, 2018-жылдын 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, жылытуу кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Өкмөт эртеси көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.
30-январда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөлөрү ТЭЦте көчмө жыйын өткөргөн. Ал эми парламент бул маселени 31-январдагы отурумунда карап, өкмөт башчысы Сапар Исаков депутаттардын алдына келип, абал тууралуу маалымат берген. ЖК бул маселени кароону бүгүн улантат.