Бишкек ТЭЦтеги авария. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
26-январда "Электр станциялары ишканасы" саат 18.00дө Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан кубаты 340дан 154 мегаваттка төмөндөгөнүн кабарлашкан.

Шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү сууктун күчү кандай болот
Компания жылуулук тармагын бир нече сааттын ичинде өз калыбына келтирерин маалымдаган. Бирок ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, 27-январь күнү эртең менен техникалык көйгөйлөр жоюлган эмес.

Жарандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тиркемесиндеги "Бишкек сегодня" тобуна нааразычылыктарын билдиришүүдө. Көбүнчө 10-11-кичи райондордун жана "Чыгыш-5" кичи районунун айрым борбордук көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары батирлери суук болуп жатканын айтышууда.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, 27-январь күнү эртең менен техникалык көйгөйлөр жоюлган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0