Абдыгулов: Кыргызстанда криптовалютага кепилдик жок
Кыргызстанда криптовалютага кепилдик жок. Бул тууралуу Абдыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, криптовалютаны нак акчага которуу абдан чоң маселени жаратат.
"Улуттук банк сомго жана алтын куймаларга башы менен жооп берет. Ал эми криптовалютага эч качан, эч кандай кепилдик бербейбиз. Эгер сатып алабыз десеңер, силердин жеке каалооңор. Күйүп кетсе эч ким жооп бербейт. Бул нерсе сатып алуучунун жеке маселеси болуп калат", — деди Абдыгулов.
Ал жеке өзү криптовалюта сатып албай тургандыгын кошумчалады.