Токмокто кылмышкерлер үй-бүлөгө кол салып, эки бир тууган каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи разбойных нападений в Кыргызстане
Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз кишилер төрт адамды сабап, үйдөн акча жана баалуу буюмдарды алып кетишкен

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Токмокто 28-декабрда белгисиз кылмышкерлер бир үй-бүлөгө кол салганын Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, үй-бүлөдө төрт киши болгон — аял, эки баласы жана келини. Балдардын бири алган жаракатынан дароо каза болсо, экинчиси операциядан кийин 29-декабрда үзүлгөн.

"Токмок шаардык милициясына окуя тууралуу билдирүү саат 6:00дө түшкөн. Кырсык болгон жерге ыкчам топ барып, үйдөн 44 жаштагы аялды, анын 22 жаштагы баласын жана 16 жаштагы кош бойлуу келинди табышкан. Андан сырткары, 24 жаштагы кишинин сөөгү табылган", — деп милициядан билдиришти.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгынын башы жарылган. Каракчылар үйдөгү акча менен баалуу буюмдарды алып кетишкен.

Аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" жана "Денега атайылап залал келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0