БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жеке ветеринарлар малды идентификациялай турган жабдуулар менен иштегенди үйрөнө баштады. Бул туралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мал доктурлардын билимин жогорулатууга өкмөттүн "Ветеринардык кызматты өнүктүрүү 2018-2023" программасы шарт түзүп берүүдө.
Кыргыз өкмөтү аталган программаны ветеринария жаатындагы приоритеттүү маселелерди чечүү максатында иштеп чыккан.
Ошондой эле ушу тапта 30дан ашуун окуу модулдары иштелип чыгып, ветеринарнарлар жаңы тажрыйба алууда.