Ачыгын айтайын, башта бул материалды даярдоого анча көңүлдөнбөдүм. Автомобилдик тыгын жөнүндө билбегенибиз жок го: жолду кеңейтиш керекпи? Жолдо эрежелерди сактап айдап, тыгын маселесин чечүү зарылбы? Бирок менин маектештерим — техникалык илимдердин кандидаты Кубатбек Муктарбек уулу жана анын кесиптеши, КМТУнун улук окутуучусу Эрмек Кадыров — таптакыр башка нерседен кеп козгошту. Баса, алардын пикирлеши, профессор Таалайбек Маткеримов келе алган жок. Баарлашуунун бешинчи мүнөтүнөн кийин эле окумуштуулардын сунуштарынын пайдалуулугунан эч шегим калган жок! Ооба, каражат жумшабай эле биздин деле жолдордо жасоого болот экен.
— Сиздердин ыкмаңыздардан улам борбор калаанын Айтматов проспектиси — Ахунбаев, Жибек Жолу проспектиси — Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактар бөлөкчө иштеп калды. Эмне өзгөрдү?
Кубатбек: — Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул демилге дүйнө жүзүндө ишке ашырылган. Өзгөчө,күндүзү элдин агымы токтобогон кесилиштерде (биздеги Ош базарынын айланасы өңдүү) жашыл жарык айдоочуларга караганда жөө адамдар үчүн кыйла эле кыска.
Башкача айтканда, катарлаш бараткан жөө кишилер менен унаалар бир убакта кыймылга кирет, кызыл жарык күйгөндө эл күтөт да, автомобилдер тоскоолдуксуз бурулушат. Ошентип көчө батыраак бошойт.
— Бул демилгени ишке киргизүү жеңилби?
Кубатбек: — Ал боюнча ооз ача элегимде эле: "Кубат, сен түшүнбөй турасың, Бишкектин тургундары жолдон койлорчо өтөт. Сенин тутумуң жашыл жарыкта жолдон өткөн мыйзамсыйлаар жарандардын арасында гана иштейт" деп киришкен. "Адегенде адамдарга логистиканы камсыздап бергиле, андан кийин сын айткыла" деп жооп берчүмүн.
Албетте, эч көйгөйсүз ишке ашып кетти деп айталбайм. Университеттеги кесиптештерибиз да бизге атырылышты: "Силер эмне кылдыңар? Жөө кишилер жолдон өтүүгө үлгүрбөй калууда! Көчөнүн ортосуна жетелекте жашыл жарык өчүп-жана баштоодо". А биз ушуга жетишүүгө ашыкканбыз кубанып жооп бергенбиз.
Биздин жол чырактардын дагы бир башка амалы бар: жөө адамдарга жашыл жарык мурдагыдай 4 секунд эмес, 9-10 секундда өчүп-жанат. Бул адамдар кадамын ыкчамдатып, жолду тезирээк бошотот. Көптөгөн өлкөлөрдө ушундай ыкма иштейт.
— Шаар боюнча курула турган көп кабаттуу өтмөктөрдүн аябай кооз долбоорлорун мэрия бир нече ирет жарыялаган. Ооба, алар укмуш көрүнөт, бирок алардан майнап чыгабы?
Эрмек: — Бишкек андай ыкма үчүн кечигип калды. Алар абдан чоң орунду ээлейт, а бизде жер жетишсиз. Анан да бул аябай кымбатка түшөт. Биз Бишкектин көчөлөрүн тыгындан арылтуу үчүн бекер ыкмаларды дагы пайдаланып бүтө элекпиз. Маселен, жол чырактарынын иштешин биз ойлогондой өзгөртсөк, бир сом да коробойт.
Базардын тушундагы кошумча жол тилкеси боюнча бардык сунуштарды даярдадык, эсептерди жүргүзүп, мэрияга тапшырдык. Бирок кимдир-бирөө биздин айткандарыбызды чийип салыптыр, кымбат баалуу жүргүнчү өтүүчү көпүрө курууну чечишиптир! Ал металлдан жасалган, жанынан жогорку вольттогу троллейбустук чубалгы өтөт. Кудай сактасын, бирок жамгыр жааганда кокус электр зымдарынын учу биригип калса, ким жооп берет?! Биздин демилгелерди ишке ашырууга анча көп каражат деле кетмек эмес, а бул жерде миллиондор сарпталууда. Ошону менен бирге эле натыйжалуулугуна эч ким кепилдик бербейт.
— Шаарга пайда алып келчү дагы кандай демилгелериңиздер бар?
Эрмек: — Жөө кишилер өтүүчү тилкелер абдан көп суроо жаратат. Ал тилкеге аяк басардан мурун жөө адам: "мен жолдон өткөнү жатам, кое бересизби?" дегендей айдоочу менен бир тиктешип алууга тийиш. Бирок, тилекке каршы, жөө жүргүнчүлөр тилкесинин тушуна машиналарды токтотуп коюшкандыктан, адамдар көп учурда көрүнбөй калат.
Эсиңиздердеби, 2012-жылы Кыргыз-орус славян университетинин Лев Толстой көчөсүндөгү медициналык факультетинин жанынан бир кызды машина коюп кеткен. Анын элесине биз жөө жүргүнчү тилкесине айдоочуларга киши келатканын эскертип турчу жабдыкты – стробоскоп орнотконбуз. Жөө адам атайын баскычты басканда жанат да, өзү автоматтык түрдө өчөт. Аппарат күн батареясы менен иштеп, электр энергиясын да сарптабайт. Эң жагымдуусу — ал биздин усталардын колунан чыккан.
Мэрия шаар боюнча аталган жабдыкты орнотуудан баш тарткан. Алар атайын мамлекеттик стандарттын жоктугуна шылтайт. А бирок башка өлкөлөрдө стробоскоптор бардык жерде колдонулат!
Кубатбек: — Эгер мамлекеттик стандарт тууралуу кеп козгой турган болсок, анда биздин жөө жүргүнчүлөр тилкесин деле туура эмес чийишет. Бир сызыгы ак, экинчиси сары өңдө белгиленгенин көрдүңүз беле? Эрежеге ылайык, ал толугу менен ак, ортолоруна гана сары түстөгү төрт бурчуктарды кошууга болот.
Эрмек: — Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр тилкеси жол чырак менен жөнгө салынбаган жерлерде гана сызылууга тийиш…
— Эгер мен андай тилкеде кызыл жарыктан өтсөм, машина уруп кетсе, айдоочу айыптуу эмеспи?
Кубатбек: — Жок, себеби, ар дайым жол чырактын белгисине баш ийүүбүз абзел. Баары муну биле беришпейт. Жөө кишилер сызылган тилке менен өтүүгө көнгөн. Бирок машина уруп кетсе, күнөө өздөрүндө.
— Соңку кезде борбор калаада жол чырактарынын саны артты. Бул жакшы көрүнүшпү?
Ушундай эле ыкманы Чолпон-Ата көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине да киргизе алабыз. Ал жакта аянт жетишерлик, мындай айланма жол тоомуна ылайыктуу. Ошондой эле Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишине да туура келет.
— Коомдук транспорттун иши туралуу да көп суроо туулат. Шаарды маршруттук таксилерден арылтып, көчөлөрдү баарына ыңгайлуу кылабыз деген пикирлер көп айтылып келет. Буга сиздер макулсуздарбы?
Эрмек: — Бул маселе боюнча ири иштерди өткөрүп, натыйжалуулугуна ынандык. Эгер канча жүргүнчү батырарын, жолдо канча орун ээлерин эске алсак, чындап эле Бишкекке маршруткаларга караганда автобустар ылайык. Ошондой эле биз шаардын аялдамаларындагы жарандар арасында да сурамжылоо жүргүздүк. Унаалуу адамдарды да, унаасы жокторду да сурап чыктык.
Кубатбек: — Сурамжылоого катышкан айдоочулардын 67 пайызы эгер коомдук транспорт дурус иштей турган болсо, күн сайын автомобилин айдап чыкпай турушкандыктарын билдиришкен. Анан да эл эгер автобустар ыңгайлуу болуп, ырааттамасына ылайык жүрүп турса, 20 сом төлөөгө да макул. Электр энергиясы сымал, кымбаттаса да, өчүрүшпөсө болду. Ошондой эле айдоочулардын 40 пайызы күнүнө 8 чакырымдан көп айдабагандыгы аныкталды. Бул аралыкты автобус менен басып өтүүгө эмнеге болбосун? Биз эч качан жол тыгын маселесин чече албайбыз, себеби, шаардыктардын баары абдан жаман абалдагы маршруткалар менен жүрүшөт.
— Сиздердин демилгени ишке ашыруу эмне үчүн татаал?
Кубатбек: — Бир окуяны айтып берейин. 2000-жылы Бременде (Германиядагы бир шаары — ред.) "шакекченин ичиндеги унаанын жолу башкы деп саналат" принциби боюнча айланып жүрүүчү кыймылды байкагам. Эки жылдан кийин Кыргызстанга кайтып, бул бизге да зарыл экендигине баарын ынандыра баштадым.
Көчөлөрдү бошотуунун уюштуруу ыкмаларын биз колдонмок тургай, бул багытта ишти баштай дагы элекпиз. Жолду кеңейтип же көпүрө куруунун зарылчылыгы жок, келгиле, адегенде жол чырактарынын ишин жөнгө салып алалы. Бир тыйын сарптабай эле…