БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ишемби күнү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй, Талас облустарында 1…6, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 3…8, Ысык-Көлдө 4…9 градус жылуу болот. Нарында 2 градус сууктан 3 градус чейин жылуу болору айтылды.
Бишкек менен Ош калаасында күн ачык болуп, 5…7 градуска чейин жетиши күтүлүп жатат.