БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өлкөдөгү мектеп окуучулары кышкы эс алууга декабрдын аягында тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.
Маалыматка ылайык, каникул 30-декабрда башталып, 10-январда окуучулар сабакка келишет.
Мындай чечим окуу планынын алкагында кабыл алынган.